ӨКМ башчысы: кумшекер менен май арзандатылган баада сатыкка чыгат

Кумшекердин бир килограммы 70 сомдон, өсүмдүк майынын бир литри 130 сомдон сатылмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өлкөдө арзандатылган баадагы кумшекер менен май сатыкка коюлат. Бул тууралуу ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев билдирди.
Бул үчүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ӨКМ Мамлекеттик резервдин кампасынан 1000 тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майын чыгарат.
"Дүңүнөн саткандарда кумшекер бар. Мамлекеттик резервдин кору (запасы) да толук. Чек аралар ачык. Элде тынчсызданууга себеп болбошу керек. Бааны көтөрөм дегендердин аракетине бөгөт коюлат", — деди Ажикеев.
Кумшекердин бир килограммы 70 сомдон, өсүмдүк майынын бир литри 130 сомдон сатылмакчы. Мындай чара азык-түлүктүн баасы кескин кымбатташынан улам көрүлүп жатат.
Радио
Маматоморов: кумшекер менен суу майдын баасы 24%га көтөрүлгөн