Радио

Талантбеков: "Манаста" кездешкен "мант" сөзүнүн бир нече мааниси бар

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосундагы көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
"Манас" эпосунда мант деген сөз кездешет. Анын үч мааниси бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Манасчынын айтымында, бул сөздү кадимки манты деген тамак менен адаштырып албоо абзел.
"Манас" эпосунда мант деген сөз кездешет. Аны кадимки манты деген тамактын кыскартылып айтылганы же түзмө-түз түшүнүп андан келип чыккан сөз катары түшүнүп албаш керек. Бул сөздүн бир нече мааниси бар. Биринде бул сөз амал, айла, алдап кетүү, жазгырып кетүү дегенди түшүндүрөт. Ал эми дагы бир маанисинде куулук, митаамдык, жаман ойлуулук дегенди билдирет. Мындан тышкары, өтмө мааниде кокус кылуу, жеңип алуу, мертинтүү дегенди да түшүндүргөн учурлар бар. Мисалы, эпосто "басташканын мант кылган балбандык жайы дагы бар" деген сап бар. Мында жогоруда айтылган жеңилбеген, өзүнүн артыкчылыгын билдирген адам тууралуу айтылган", — деди Талантбеков.
Манасчы бул сөз сүйлөмгө, окуянын жүрүшүнө жараша колдонуларын кошумчалады.