БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Шайлоонун шарттары мындан ары да өзгөрөт жана күчөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
Ал кийинки чакырылыштын депутаттары трибунанын баркын кетирбей, чыныгы функциясын аткарып, эл үчүн иштесе деген ниетин билдирген. Жапаров "добушумду уурдап алды", "шайлоо бурмаланды" деген сыяктуу ыплас оюндарды токтотуунун кези келгенин айткан.
"Жашоо шайлоо менен эле бүтүп калбайт. Жаштар, алдыда далай нерсе турат демекчимин. Биздин элдин ачык айтуу, маселени кабыргасынан коюу сыяктуу маданияты эчак эле калыптанган. Аны биз демократия дейбизби, ачык коом дейбизби, айтор, бул рейтинг бир топ мамлекеттерге салыштырмалуу бизде алда канча алдыга өнүккөн. Ал эми коомдо дестабилизациялоо үчүн кайсы бир партия же адамдар мамлекеттин тынчтыгы эмес, өз кызыкчылыгы үчүн бурмалап, элди козутуп келгендиги – коомчулуктун көңүлүн буруп, алаксытып келген фокустар. Мындай маанайды оппозиция деп деле айтууга болбойт. Тек гана жеке кызыкчылык. Биз жаңы Кыргызстанды курууга баратабыз. Эгерде мурдагыдай жашайм, иштейм же боло берет дей турган болсо, анда биз алар менен иштеше албайбыз", — деди Жапаров.
Ал Эрулан Көкүлов, бир мандаттуу округдан акын Мирлан Самыйкожо парламентке бир сом акча бербей өткөнүн мисал кылып, шайлоо таза болгонун белгилеген.
"Булар – бир күн да мамлекеттик кызматта иштебеген балдар, жаштар. Шайлоонун шарттары мындан ары да өзгөрөт, күчөтүлөт. Бул шайлоо таза өттү. Чырдагандар ар бир участоктун бюллетенин кайрадан санап чыкты. Эч качан мындай болгон эмес. Шайлоо бүткөн эле түнү бюллетендер көм-жам болчу эле го. Азыр да барып санасаңыздар болот", — деди президент.
Садыр Жапаров эл азыр куру убадаларга ишенбей калганын айтып, коомчулук парламентке мыктынын мыктысын тандаганын кошумчалаган.