ӨКМ: Кыргызстанда мөңгүлөр көп эрип, коркунуч жараткан көлдөр 11 эсеге өстү

Министрдин айтымында, 2016-жылы 1-категориядагы кооптуу көлдөрдүн саны 33 болсо, быйыл алардын саны 367ге жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда жырылып кетүү (жантайыңкы тарабы - ред.) коркунучу бар бийик тоолордогу көлдөрдүн саны 33төн 367ге жетти. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров өткөрүп жаткан жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
"2016-жылы 1-категориядагы кооптуу көлдөрдүн саны 33 болсо, быйыл алардын саны 367ге жетти", — деди министр.
Анын айтымында, мунун негизги себеби климаттык өзгөрүүлөр, тагыраагы, мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жатышы.
Кыргызстандын климатын изилдеген Марк Зебиш: мөңгүлөр бир чакырымга кыскарган