БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жаңы Зеландия 2013-жылдан кийин төрөлгөн жарандарына тамеки чегүүгө тыюу салат. Бул тууралуу "National Geographic Россия" жазды.
Учурда Жаңы Зеландияда 15 жаштан жогору курактагы жашоочулардын 11,6 пайызы чылым чегет. Ошол эле учурда чоңдордун арасында бул көрсөткүч 26 пайызды түзөт. Тамекиден баш тартуу боюнча узак мөөнөттүү мыйзам парламентте 2022-жылы жайында талкууланып, жыл этегине чейин кабыл алуу каралып жатат.
Бирок бул мыйзамдын жоболорун акырындык менен киргизүү пландалган. Алгачкы этапта, 2024-жылы тамеки саткан дүкөндөр 8 миңден 500гө чейин азайтылса, 2025-жылы өлкөдө сатылган тамекилердин курамында никотин өтө аз болот.
2027-жылдан тарта чылым чекпеген муунду "түзүү" боюнча иш башталат. Ошол убакта 14 жашка чыккандарга, тагыраагы, 2013-жылы төрөлгөндөр жана андан кийинкилерге тамеки сатылбайт.
Аймактын саламаттык сактоо системасынын адистери чылымга көз карандуулук жаш кезде пайда болорун, буга беш жаңы зеландиялыктын төртөө 18 жашында, 96 пайызы 25 жашында чегери мисал экенин айтышкан.
"Биз жаштар чылым эмне экенин билбейт деп ишенебиз, ал эми тамеки саткандар кылмышкерге тете", — деген саламаттык сактоо министринин орун басары Айеша Верралл.
Ал кошумчалагандай, Жаңы Зеландияда жыл сайын чылым чеккен 5 000 киши көз жумат, бийлик тамекинин зыяндуулугун эскерткенден башка чара көрө албай келет.
Жаңы Зеландия дүйнөдө чылым чеккендерге кескин чара көргөн экинчи мамлекет болмокчу. Биринчи орунда Бутан турат, ал жакта тамеки таптакыр сатылбайт. 2012-жылы Австралия тамекинин тышынан анын зыяндуулугун эскерткенден башка маалыматтарды, жадагалса брендин алып салган.