00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Итоги недели
20:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
On air
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
Үй-бүлө баалуулуктарын даңазалаган «Камкор» тасмасы кантип тартылды?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
On air
18:06
0 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңы Зеландия 2013-жылдан кийин төрөлгөндөргө тамеки тартууга тыюу салат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан адам. Архив
Тамеки чегип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.12.2021
Жазылуу
Жаңы Зеландияда жыл сайын чылым чеккен 5 000 киши көз жумат, бийлик тамекинин зыяндуулугун эскерткенден башка чара көрө албай келет.
БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Жаңы Зеландия 2013-жылдан кийин төрөлгөн жарандарына тамеки чегүүгө тыюу салат. Бул тууралуу "National Geographic Россия" жазды.
Учурда Жаңы Зеландияда 15 жаштан жогору курактагы жашоочулардын 11,6 пайызы чылым чегет. Ошол эле учурда чоңдордун арасында бул көрсөткүч 26 пайызды түзөт. Тамекиден баш тартуу боюнча узак мөөнөттүү мыйзам парламентте 2022-жылы жайында талкууланып, жыл этегине чейин кабыл алуу каралып жатат.
Бирок бул мыйзамдын жоболорун акырындык менен киргизүү пландалган. Алгачкы этапта, 2024-жылы тамеки саткан дүкөндөр 8 миңден 500гө чейин азайтылса, 2025-жылы өлкөдө сатылган тамекилердин курамында никотин өтө аз болот.
2027-жылдан тарта чылым чекпеген муунду "түзүү" боюнча иш башталат. Ошол убакта 14 жашка чыккандарга, тагыраагы, 2013-жылы төрөлгөндөр жана андан кийинкилерге тамеки сатылбайт.
Аймактын саламаттык сактоо системасынын адистери чылымга көз карандуулук жаш кезде пайда болорун, буга беш жаңы зеландиялыктын төртөө 18 жашында, 96 пайызы 25 жашында чегери мисал экенин айтышкан.
"Биз жаштар чылым эмне экенин билбейт деп ишенебиз, ал эми тамеки саткандар кылмышкерге тете", — деген саламаттык сактоо министринин орун басары Айеша Верралл.
Ал кошумчалагандай, Жаңы Зеландияда жыл сайын чылым чеккен 5 000 киши көз жумат, бийлик тамекинин зыяндуулугун эскерткенден башка чара көрө албай келет.
Жаңы Зеландия дүйнөдө чылым чеккендерге кескин чара көргөн экинчи мамлекет болмокчу. Биринчи орунда Бутан турат, ал жакта тамеки таптакыр сатылбайт. 2012-жылы Австралия тамекинин тышынан анын зыяндуулугун эскерткенден башка маалыматтарды, жадагалса брендин алып салган.
Аял тамеки чегип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Дүйнөдө рактан каза болгон адамдардын 25%ы тамекинин азабын тартат
Жаңылыктар түрмөгү
0