Чыдамсыздык менен күтөм! Шевченко Ошко барып күйөрмандары менен жолугат

Шевченко видео кайрылуу жасап, Оштун тургундары менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, UFC чемпиону Валентина Шевченко эртең, 12-декабрда, Ош шаарына барат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Спортчу Султан Ибраимов атындагы драма театрында күйөрмандары менен жолугары күтүлүүдө. Иш-чара саат 14:30да башталып, 17:00гө чейин уланат.
Шевченко өзү да Instagram баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, Оштун тургундары менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айткан.
Валентина Шевченко мекенине 21-ноябрь күнү келген. Ал буга чейин Бишкекте жана Ысык-Көлдө эс алып жаткан.