Жашоодо илимдин пайдасын көрүү үчүн прикладдык илимдерди колдоого алышыбыз керек. Мындай пикирин Гүлжигит Токтошов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Советтер Союзу учурунда колдонмо илимдерге жогорку деңгээлде көңүл бурулуп келген.
"Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери илим жаатына жакшы көңүл бурбай келет. Анын ичинен прикладдык илимдерди колдоп, аларды турмушка колдонсок сапаттуу жана негиздүү долбоорлор ишке ашмак. Мейли мамлекеттин келечегине байланышкан стратегиялык пландар болсун, медицина же башка тармактарда да прикладдык илимдер менен айкалыштырып иш жасоо зарыл. Мындай тактика Советтер Союзунда жакшы пайдаланылып келген. Азыр эми жаңы нерсени ойлоп табуунун кажети жок, эскинин деле керектүү жагын пайдалансак болот", — деди Токтошов.
Окумуштуу бардык илимдердин прикладдык тармактарын бөлүп алып, турмушка айкалыштырууда жаштарды тартуу маселесине да басым жасоо зарылдыгын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: