Ысык-Көлгө бараткан жолдо наркологдордун катышуусунда рейддер жүргүзүлөт

Акыркы үч күндө Кемин районунда инспекторлор рейд жүргүзүп, мас болуп рулга отурган жана ылдамдыкты жогорулатып жол жүргөн айдоочуларды аныктаган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо жума сайын наркологдордун коштоосунда рейддер жүргүзүлүп турат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечим туристтик сезондун алкагында жана жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.

ЖКККББ белгилегендей, 30-июлдан 1-августка чейин Кемин районунда "Бахус" деген аталыштагы иш-чара өткөрүлгөн.

Үч күндө 227 протокол түзүлүп, мас болуп рулга отурган беш айдоочу аныкталган. 196 киши ылдамдыкты жогорулатып айдаган.