БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта жабыркап Улуттук госпиталда дарыланып жаткан бейтаптар жакынкы убакта чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Улуттук госпиталдын №2 Нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Талант Жапаровдун айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
"Биздин бөлүмгө беш киши түшкөн. Экөөнө операция жасалган, абалдары турукташты. Мурду сынган дагы бир бейтап ЛОР бөлүмүнөн операция болду. Аларды толук текшерип, дартын айыктырдык, жакынкы күндөрү чыгарабыз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле бейтаптар тарабынан медициналык жардамдын сапатына, дары-дармек жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча даттануулар болбогонун белгиледи. Бардыгы бекер дарыланууда.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда 204 киши жабыркап, анын 168и жаракат алса, 36сы көз жумган. Учурда Баткен менен Ошто 15 адам дарыланууда. Алардын да жакында ооруканадан чыгышы күтүлүүдө. Ошондой эле бир бейтап Түркияга дарыланууга жиберилген.
Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.