https://sputnik.kg/20210529/batken-chek-ara-chyrynda-zhabyrkagandardyn-abaly-1052652283.html
Чек ара чырында жабыркагандардын абалы жана ооруканадан качан чыгары айтылды
Чек ара чырында жабыркагандардын абалы жана ооруканадан качан чыгары айтылды
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте дарыланып жаткан беш кишинин үчөөнө операция жасалган. Баткен менен Оштогу ооруканада 15 киши медициналык жардам алууда. 29.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-29T11:04+0600
2021-05-29T11:04+0600
2022-01-31T15:25+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
баткен
кр саламаттык сактоо министрлиги
чек ара
чыр
жаракат
бейтап
кыргыз-тажик чек арасы
https://sputnik.kg/img/07e5/05/02/1052355482_0:81:2835:1676_1920x0_80_0_0_36b18760d3fdf9db1fc5e6e4fad3ef13.jpg
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта жабыркап Улуттук госпиталда дарыланып жаткан бейтаптар жакынкы убакта чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.Улуттук госпиталдын №2 Нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Талант Жапаровдун айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.Ал ошондой эле бейтаптар тарабынан медициналык жардамдын сапатына, дары-дармек жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча даттануулар болбогонун белгиледи. Бардыгы бекер дарыланууда.Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда 204 киши жабыркап, анын 168и жаракат алса, 36сы көз жумган. Учурда Баткен менен Ошто 15 адам дарыланууда. Алардын да жакында ооруканадан чыгышы күтүлүүдө. Ошондой эле бир бейтап Түркияга дарыланууга жиберилген.Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.
https://sputnik.kg/20210528/uch-zhookerge-ehrdik-medaly-yjgaryldy-1052637386.html
баткен
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/02/1052355482_300:0:2535:1676_1920x0_80_0_0_119d61e2bca20bf7c6330393534e3ec2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, баткен, кр саламаттык сактоо министрлиги, чек ара, чыр, жаракат, бейтап, кыргыз-тажик чек арасы, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, оорукана
жаңылыктар, коом, кыргызстан, баткен, кр саламаттык сактоо министрлиги, чек ара, чыр, жаракат, бейтап, кыргыз-тажик чек арасы, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы, оорукана
Чек ара чырында жабыркагандардын абалы жана ооруканадан качан чыгары айтылды
11:04 29.05.2021 (Жаңыртылды: 15:25 31.01.2022) Бишкекте дарыланып жаткан беш кишинин үчөөнө операция жасалган. Баткен менен Оштогу ооруканада 15 киши медициналык жардам алууда.
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта жабыркап Улуттук госпиталда дарыланып жаткан бейтаптар жакынкы убакта чыгарылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.
Улуттук госпиталдын №2 Нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Талант Жапаровдун айтымында, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
"Биздин бөлүмгө беш киши түшкөн. Экөөнө операция жасалган, абалдары турукташты. Мурду сынган дагы бир бейтап ЛОР бөлүмүнөн операция болду. Аларды толук текшерип, дартын айыктырдык, жакынкы күндөрү чыгарабыз", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле бейтаптар тарабынан медициналык жардамдын сапатына, дары-дармек жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча даттануулар болбогонун белгиледи. Бардыгы бекер дарыланууда.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда
204 киши жабыркап, анын 168и жаракат алса, 36сы көз жумган. Учурда Баткен менен Ошто 15 адам дарыланууда. Алардын да жакында ооруканадан чыгышы күтүлүүдө. Ошондой эле бир бейтап Түркияга дарыланууга жиберилген.
Белгилей кетсек, бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө 1 миллион сом, жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин берүүнү убадалаган. Компенсация үчүн төлөнө турган каражат республикалык бюджеттен алынат.