Ар бир аялга үчтөн бала туура келет! Бүгүн Кыргызстанда Энелер күнү

Өлкөдө Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Ал май айынын үчүнчү жекшембисине туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 15тен 55 жашка чейинки аялдар арасында 158 миңи биринчи жолу же кайрадан эне болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирип, Энелер күнүнө карата маалымат берди.
“Булардын ичинен 27 пайызга жакыны биринчи жолу, 35 пайызы экинчи жолу эне болушту. Ал эми 13 пайызга жакыны төрт же андан көп баланын энеси болуп калды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Быйыл 1 335 эне президенттин колунан сыйлык алат
Өлкөдө аялдар биринчи баласын орто эсеп менен 23 жашында төрөшөт. Эң эрте төрөдү дегендер 21-22 жашында көз жарат. Жаш энелердин басымдуу бөлүгү Баткен, Ош жана Талас облустарында жашайт.
2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Мисалы, былтыр 1 436 эгиз (2019-жылы 1 575) жана 14 жолу үч эм (2019-жылы 26 жолу) төрөлдү.
Комитеттен билдиришкендей, 2000-жылдардан баштап Кыргызстанда төрөлүү деңгээли өсө баштаган. 2019-жылы 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3,3 бала туура келген.
Эске салсак, өлкөдө Энелер күнү 2012-жылдан бери белгиленип келет. Ал май айынын үчүнчү жекшембисине туура келет.