Мелис Сатыбалдиев Коопсуздук кеңешинин катчысына биринчи орун басар болду

Сатыбалдиев 2014-жылдын мартынан 2016-жылдын май айына чейин Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын командачысы кызматын аркалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Мелис Сатыбалдиев өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Сатыбалдиев 2014-жылдын мартынан 2016-жылдын май айына чейин Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын командачысы кызматын аркалаган.