New Zealand Herald жазганы, парламентарий галстуктун ордуна "хей-тики" аттуу жашыл түстөгү салттуу амулет тагып алган. Ал суроо берүүгө камынганда палата спикери Тревор Маллард галстугу бар депутаттар гана суроо узата аларын айткан.
Бир нече ирет сөз сүйлөөгө аракет кылган Вайтити акыры залдан куулган. Кетип бара жатып "кеп галстукта эмес, маданий өзгөчөлүктө" деген ал. Депутат Малларддын ага жасаган мамилесин уятсыздык катары сыпаттады.
Маалыматка караганда, бул Вайтитиге байланыштуу биринчи учур эмес. Депутат өткөн жылы дагы галстук тагуудан баш тарткандыгы үчүн эскертүү алган.
Маори — Жаңы Зеландиянын жергиликтүү эли. Алар өзгөчө маданияты менен айырмаланып келишет.