БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Кыргызстанда кумшекердин жана өсүмдүк майынын запасы бир нече айга гана жетет. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев 100 күн ичинде жасаган иштери тууралуу журналисттерге берген отчётунда айтты.
Маалымат жыйында Токтогазиев азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешме өткөнүн билдирип, маалыматтарды журналисттерге окуп берди. Анын айтымында, "Кант-Кайыңды" заводунда кумшекердин 26 тонна запасы калган, бул үч айга гана жетиши мүмкүн.
"18 миң тонна кампаларда жатат, болжол менен 8 миң тоннасы дыйкандарга таандык. Бул үч айга гана жетиши мүмкүн. Мындай абалдын келип чыгышына Өзбекстан менен Тажикстанга болгон аткезчилик себепкер. Биз аткезчилик менен күрөшүү тууралуу тынымсыз билдирип турдук. Анткени улуттук коопсуздук маселеси коркунучта турат. Бирок бизди угушкан жок", — деди Токтогазиев.
Токтогазиев ошондой эле өсүмдүк майынын запасы беш айга гана жетерин кошумчалады.
"Мен атайын комиссия түзүп, кампаларга барып кагазда жазылгандардын бардыгын жеринде текшерип чыгууну өтүндүм. Башка ведомстволор менен Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтары биздикине дал келген жок. Биз маалыматты альтернативдик жол менен алдык. Кагаз түрүндөгү жазуулар жарандарга азык болуп бербейт", — деди ал.
Токтогазиев болочок министрди кампалардагы азык-түлүктү тыкыр көзөмөлдөөгө үндөдү.
Белгилей кетсек, Улукбек Марипов тарабынан түзүлгөн жаңы өкмөттүн курамында министрликтин структурасы өзгөртүлүп, ага Тилек Токтогазиев кирген эмес.