Ысык-Ата: төрөт үйүнө жетпей калган келинди инспекторлор төрөтүп алды

15-январда болжол менен түнкү саат 03:00дөр чамасында постто турган инспекторлорго Урмат аттуу жигит жардам сурап кайрылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады. 
Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору төрөт үйүнө жете албай калган аялдын төрөтүн кабыл алды
Билдирүүгө ылайык, 15-январда болжол менен түнкү саат 03:00дөр чамасында кичи инспектор менен милициянын старшинасы Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы стационардык постто турган. Аларга Урмат аттуу жигит кайрылып, төрөт үйүнө жетпей калганын, машинада аялынын толгоосу башталганын айтып жардам сураган.
"Инспекторлор аялды автоунаанын ичинде эле төрөтүп алып, андан соң тез арада жеткирүү үчүн патрулдук машинасы менен Чүй облустук ооруканасына чейин коштоп барышкан. Бактылуу ата-эне өз убагында жардам бергени үчүн инспекторлорго ыраазычылык билдиришти. Бүгүнкү күндө эне-баланын саламаттыгы жакшы, төрөт үйүнөн чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Эне-баланы үйүнө чыгарып жатканда инспекторлор перзенттүү болгон үй-бүлөнү куттуктап барышкан.