Лавров Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроого жооп берди

Лавров кыргыз кесиптеши менен болгон жолугушуусунда мурдагы өкмөт менен жетишилген келишимдер боюнча дагы сөз болгонун билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттердин Кыргызстанга финансылык колдоо көрсөтүү боюнча суроосуна жооп берди.

Буга чейин 5-6-октябрдагы окуялардан улам Россия Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү токтоткону кабарланган. Бүгүн Москвада эки өлкөнүн ТИМ башчылары Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Лавровго Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү качан жанданары тууралуу суроо узатылды. Ошондой эле Евразия фонду тарабынан берилчү 100 миллион долларлык кредит тууралуу да кеп козголду.

"Жеңилдетилген насыя бөлүп берүү чечими бар, аны эч ким жокко чыгарган эмес. Бирок аны кайсы убакта бөлүү маселесин ошол фонд менен сүйлөшүү керек", — деди ал.

Лавров кыргыз кесиптеши менен болгон жолугушуусунда мурдагы өкмөт менен жетишилген келишимдер боюнча дагы сөз болгонун кошумчалады.