Бишкек комендатурасы митингдерди токтотуп коюуга укуктуу

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин жарыялаган. Борбор калаада коменданттык саат 21:00дөн тарта 5:00гө чейин уланат.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бишкек комендатурасы саясий партиялардын элди массалык түрдө жыйнаган иш-чараларын токтотуп коюуга укугу бар. Бул тууралуу комендант Алмазбек Орозалиевдин буйругунда жазылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал режимин жарыялаган. Борбор калаада коменданттык саат 21:00дөн тарта 5:00гө чейин уланат.

Буйрукта айтылган маалыматка караганда, комендатура шаардагы абалды турукташтырууга тоскоолдук кылган учурда эл массалык түрдө чогулган жөө жүрүш, митинг сыяктуу иш-чараларды токтото алат.