Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды.
Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды
Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.
"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.
Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.
“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.