Санкт-Петербургдан келген курсанттар вирусту кайдан жуктурганы айтылды

Үсөнбаев Россиядан каза болгон адамдардын сөөгүн алып келе жаткандардан да коронавирус табылган учурлар бар экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда сырттан келген мигранттар, анын ичинде Санкт-Петербургдан келген курсанттар коронавирусту кайдан, кантип жугузуп алганын айтты.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда 15 кишиден коронавирус аныкталса, анын тогузу Санкт-Петербургдан келген курсанттар болчу. Муну менен алардын саны 27ге жетти.

"Мекендештер Кыргызстанга келгенге чейин ар кандай шартта жүрүп калып жатышат. Кээ биринин жашаган жери, иче турган тамагы жок. Айрымдары ошентип тоо-талаада медициналык көзөмөл жок учурда жугузуп алып жатат. Россияда да күн сайын миңдеген адамдардан COVID-19 чыгууда. Санкт-Петербургдан келген курсанттар ошол жактан жугузуп алган", — деди Үсөнбаев.

Ал Россиядан каза болгон адамдардын сөөгүн алып келе жаткандардан да коронавирус табылганын кошумчалады.

"Чек арадан өтөрдө аларды коронавируска текшеришет. Вирус табылып калгандар болсо, аларды үйүнө чейин ИИМ кызматкерлери башкалар менен байланышпоо үчүн коштоп барууда. Сырттан келген жарандарыбызды өлкөгө киргенде тыкыр текшерип, обсервациядан бир эмес, эки жолудан тест алып жатабыз. Ошонун жыйынтыгында Соль-Илецкиден келген мекендештердин арасынан 105 адамдан вирус бар экени аныкталды", — деди Үсөнбаев.

Коронавирустун кесепети

Ушундай эле болсун! Бүгүн бир да медиктен коронавирус аныкталган жок
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1365 болуп, 957 бейтап айыкты. Ал эми учурда стационарларда 394 киши дарыланууда. Анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тилекке каршы COVID-19 14 кишинин өмүрүн алган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.