Кызматтык форма менен калпак кийип алган Оштун прокуроруна сөгүш жарыяланды

Окуя 9-май күнү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарада болгон. Прокурордун форма менен калпак кийип турганын социалдык тармактын колдонуучулары бир топ сынга алган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовго кызматтык форманы кийүүнүн эрежесин бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.

Буга чейин ал кызматтык баш кийимдин ордуна форма менен ак калпак кийип турган сүрөтү жарыяланган.

Былтыр прокуратуранын 37 кызматкери жоопко тартылган
Көзөмөл органынын маалымат кызматынан билдиргендей, сөгүш жарыялоо боюнча чечимге башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 20-май күнү кол койду.

Маалыматка караганда, кызматкер мындай жаза алганда айлыкка кошуп берилчү сый акыдан куру калат.

Окуя 9-май күнү Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарада болгон. Прокурордун форма менен калпак кийип турганын социалдык тармактын колдонуучулары бир топ сынга алган.