Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды

Өткөн аптада ишкерлер Кытайдан келген товарлардын тартыш боло баштаганын айтышкан. Мындан улам тамак-аш жаатында дагы көйгөй жаралбайбы деген ой пайда болду.
Sputnik

Эл арасында азыр-түлүктүн көпчүлүгү Кытайдан келет деген түшүнүк болушу мүмкүн. Анын артынан дасторкон бош калбайбы, баа көтөрүлбөйбү деген санааркоо жаралышы ыктымал.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкө тамак-аш боюнча Кытайдан канчалык көз каранды экенин адистерден сураштырып көрдү.

Кытайдан импорттолгон тамак-аш

Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев учурда Кытайдан ташылган азыктар жалпы импорттун 10 гана пайызын түзөрүн айтат. 

Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды
"Биз ун, шекер, суу май, жумуртка, эт сыяктуу негизги азыктарды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алабыз. Ал эми тоок эти АКШ, Латвия, Грузия өңдүү өлкөлөрдөн келет. Былтыр Кытайдан 191 миң тонна азык алдык. Анын басымдуу бөлүгү цитрус жемиштери", — деди министр.

Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Беков болсо Кытай менен чек аранын жабык турганы Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугуна сезилерлик коркунуч келтирбесин айтат. 

Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды
"Бүгүнкү күн боюнча так айта албайм, бирок мурдагы жылдары Кыргызстанга Кытайдан арзан эт келчү. Балким эттин баасы жогорулашы мүмкүн. Бирок бул нерсе биз үчүн коркунуч жаратпайт. Негизи эле Кытайдан алып жүргөн тамак-ашты Индия, Пакистан, Иран, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн ташыса болот", — деди Беков.

Ошондой эле ал буга Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгонубуз толук мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Мурдагы министрдин пикирин Товар өндүрүшчүлөр жана жайылтуучулар биримдигинин президенти Гүлнара Ускенбаева дагы бекемдейт. 

Тамак-аш коопсуздугу: Кыргызстан Кытайдан канчалык көз каранды
"Кытайдан эт алып келинет деп айтышат. Менимче, ал базарга ошол бойдон сатыкка чыкпайт. Келген күндө дагы аны кайра иштетүү максатында колдонушса керек. Мисалы, колбаса жасалат дейли. Колбаса негизги азыкка кирбейт да, демек ал кымбаттап кетсе деле элдин капчыгына күч келтирбейт. Ал эми күндө жей турган маанилүү азыктарды негизинен Казакстан, Россия, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөн алабыз", — деди Ускенбаева.

Кыргызстан канча тамак-аш өндүрөт

Өлкөдө негизги тамак-аштын тизмесине 9 азык жана жашылча түрү киргизилген. Жогорку таблицада дал ошолор тууралуу маалымат берилген.

Быйыл дыйкандар эмнелерди эксе болот? Айыл чарба министрлигинин кеңеши
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин билдиргенине караганда, негизги азык-түлүктөрдүн эң көп пайдаланылган бешөө сырттан келет. Мисалы, нан азыктарынын жарымына жакыны, канттын үчтөн биринен ашыгы, эттин 12 пайызга чукулу Кыргызстанда өндүрүлбөйт. Эң көп импорттолгон азык — өсүмдүк майы, анын 82 пайызын башка өлкөдөн алууга аргасызбыз. Баса, биз өзүбүздү жумуртка менен дагы толук камсыздай албайбыз.

Бирок сүт жана картошка жагынан мактана кетсек болот. Бул экөө өзүбүздөн ашып калган учурлар бар.

Ундун кымбатташы

Эске салсак, соңку ирет Кыргызстанда азык-түлүктүн ичинен ун жана буудай кымбаттаган. Тактап айтсак, 2019-жылдын аягында биринчи сорттогу ундун бир килограммынын баасы 7-8 сомго көтөрүлгөн. Адистер анда Казакстанда буудай түшүмдүүлүгү начар болуп калып, ал Кыргызстанга таасир этип жатканын айткан. Бул учурда наабайчылар нандын баасын 1-2 сомго жогорулатышкан эле.

Кытайдын чыныгы таасири

Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт?
Кыргыз-кытай чек арасынын жабылышы кийим-кече жана буюм-тайым жагынан кесепетин тийгизе баштады. Өткөн апта башында Кытайдан товар алган ишкерлер айлануудагы буюм-тайымы кескин азайып, баалар көтөрүлө баштаганын айтып чыгышты. Бирок президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев чек ара жабылышына себеп болгон коронавирустун чыгышы салтка айланган Кытай жаңы жылы менен туура келгендиктен, азырынча экономиканын ар кайсы тармагында запас жетиштүү деген пикирин айтты.