Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт?

© AFP / ANTHONY WALLACEКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-кытай чек арасы жабык тургандыктан, өлкө ичинде көпчүлүк товарлардын тартыштыгы байкала баштады. Муну айткан ишкерлер дефициттин айынан кымбаттоо башталганын кошумчалашты.

Кытайдан товар ташып оокат кылган ишкерлер күндөн-күнгө кыйынчылыкка кептелип бара жатканын айтышат. Мисалы, идиш-аяк саткандар кашык менен бычак калбай бара жатканына кабатырланса, тикмечилер жайкы кийим-кечеге ылайыктуу кездеме таппай бушайман.

Эске салсак, февраль айынын башында Кытайда пайда болгон коронавирустун айынан кыргыз-кытай чек арасы абал турукташканга чейин жабылганы айтылган.

"Дордой" базарында кийим-кече саткан Темиркул Багышбековдун айтымында, ушул тапта айлантуудагы товары аздардын сатарга дээрлик эч нерсени калбай бара жатат.

© Фото / Эламан КарымшаковКытайдан кийим-кече ташып иштеген Темиркул Багышбеков
Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт? - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан кийим-кече ташып иштеген Темиркул Багышбеков
"Дордойдо" ишкерлердин 70 пайызы товарды Кытайдан алат. Акчасы көптөр Кытай жаңы жылында кире албай калабыз деп запастап алып коюшкан. Ал эми айлануудагы товары аздар калган-катканын сатып отурат", — деди Багышбеков.

Ишкер кошумчалагандай, товарлардын азайышы баасына таасир этип, ар бир кийимдин үстүнө 5-10 сомдон кошуп саткандар бар.

Лаборатория кызаткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун инкубация мезгили 24 күн болушу мүмкүнбү? Министрликтин жообу
Ушундай эле көрүнүш идиш-аяк саткандарда дагы болуп жатат. "Жунхай" базарында иштеген Динара Оторбаева эң өтүмдүү товарлар түгөнүп бара жатканын билдирди.

"Ашкана оокаттарынын арасынан кашык, бычак, чыны сыяктууларды эл көп алат. Алар азайып, жаңы товар алдыра албай жатабыз. Бирин-серин ишкерлер баасын бир аз көтөрүп койду", — дейт Оторбаева.

Кызыгы, медициналык шаймандар, дарылоодо керектөөчү материалдар дагы түгөнүп калган дүкөндөр бар. Бишкектик Жанышбек Рыскулов бир нече жылдан бери Кытайдан стоматологиялык клиникаларда керектелчү шаймандарды, тиш оңдоого жумшалчу каражаттарды ташып иштейт. Товары жок калганына эки апта болуптур.

© Фото / Талас АманбековИшкер Жанышбек Рыскулов стоматологиялык жабдууларды сатат
Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт? - Sputnik Кыргызстан
Ишкер Жанышбек Рыскулов стоматологиялык жабдууларды сатат
"Бишкекте тиш доктурлардын "курал-жарагын" эки гана дүкөн сатат. Аларда товардын тартыштыгынан баалар аз-маз көтөрүлүптүр. Анысы аз келгенсип курьерлер үстүнө кошуп сатып жатыптыр. Бирок айласы кеткен кардарлар кымбат болсо дагы запастап алууда. Мындан улам жакын арада стоматологдордун кызматы кымбаттап кетпейби деген суроо жаралат", — деди ишкер.

Тигүү цехтеринин сырьесу азайып, жайкы кийим-кечекке ылайык кездемелерди базардан табуу маселе жарата баштаганы дагы белгилүү болду. Кездеме гана эмес, топчу, жип, сыдырма сыяктуу майда-чүйдөлөр алтынга тете болуп турганын айтышты.

© Фото / Айжан МедетбековаТигүү цехинин технологу Сезим Медетбекова
Кытай товарлары тартыш болуп, ишкерлер кыйнала баштады. Бийлик эмне дейт? - Sputnik Кыргызстан
Тигүү цехинин технологу Сезим Медетбекова
"Жайкы кийимдерди тигүүгө киришкенбиз. Бирок акыркы ирет базарга барганда керектүү нерселерди таппай, башкасын алууга туура келди. Айла жок моделдерди өзгөртүп жатабыз. Товар ташуучулар чек ара марттын башында ачылат деп жатыптыр. Жогору жактан тагыраак маалымат берип, абалды түшүндүрүп коюшса жакшы болот эле", — деди Бишкектеги тигүү цехтеринин биринин технологу Сезим Медетбекова.

Ушундай эле жагдай турмуш-тиричилик техникаларын саткандарда, Instagram тармагы аркылуу интернет-дүкөн иштеткендерде жаралып жатканы айтылууда.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда калып калган фура айдоочулары качан алып келинет? Профсоюздун жообу
Кытайдан товар киргизилбей жатканын Чек ара кызматынан тастыкташты. Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаалар Кыргызстанга бош кирип жатышат. Кытайга барам деген чет элдиктер эч тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө, бирок Кыргызстанга эч ким кирген жок.

Товар тартыштыгы боюнча абал тууралуу президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиевге кайрылдык.

Анын айтымында, Экономика министрлиги чек аранын узак мөөнөткө жабылышынан улам келип чыгышы мүмкүн делген сырьелук товар дефицити боюнча тобокелдиктерди анализдеп жатат.

"Чек аранын жабылышы Кыргызстандын экономикасынын ар кайсы тармактарына канчалык таасир эткенин айтууга азырынча эрте. Анткени коңшу өлкөдө коронавирус чыгышы салтка айланган жаңы жыл майрамы менен туш келип калды", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча коронавирустун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чаралар соода-сатыкка жана товардын айлануусуна таасир этпеши керектигин кошумчалады.

Коронавирус тууралуу

Официальный визит премьера Государственного совета Китая Ли Кэцян - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялады.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны 1113кө жетти. Ал эми жалпы жуктургандар 46,6 миң болсо, сакайып кеткендер 4740 киши экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0