Лицей жана колледждердин айрым адистиктерине жаңы стандарттар киргизилет

Жаңы талаптар жалпы жонунан 15 адистикке киргизилмекчи. Анда экономика үчүн артыкчылыктуу болгон адистиктерге анализ жүргүзүлүү менен жумуш берүүчүнүн талаптары да камтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын орто кесиптик окуу жайларынын айрым кесиптик адистиктерине жаңы кесиптик стандарттар киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Абдыкапаров: колледждерде өндүрүштүк окуу комплекси түзүлөт
Маалыматка ылайык, колледждердеги 15 жана лицейлердеги 10 адистикке киргизилип жаткан стандарттарга ылайык, эми бүтүрүүчүлөр өзүнүн адистиги боюнча негизги концепция жана технологияларды билүүгө тийиш. Мындан сырткары, стандарттык кесиптик көйгөйлөрдү чечүүдө, тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликти өзүнө алууну билиши керек.

Белгилей кетсек, "Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү" программасынын алкагында окуу-методикалык бирикмелер, эксперт, иш берүүчүлөрдүн жардамында бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштык, чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана ишке орноштуруудагы мобилдүүлүк үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.

Жаңы стандарттар менен окутуу республиканын ар аймагында жайгашкан алдыңкы тажрыйба борборлорунда башталат.