Салюттан да бийик! Жаңы жылдагы түнкү Бишкектин асмандан көрүнүшү. Сүрөттөр

Сүрөттөрдөн Бишкектеги көп кабаттуу тамдардын короолорун, көчөлөрдү жана аймактарды алаканга салгандай көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2020-жылды бишкектиктер кантип тосуп, кандай салют, фейерверктер атылгандыгын Михаил Дудин дрон менен бир нече бийиктиктен тартып көрсөттү.

Ал Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы райондорун алган. Сүрөттөрдөн көп кабаттуу тамдардын короолорун, көчөлөрдү жана аймактарды алаканга салгандай көрүүгө болот. Ал эми бир учурда Дудин салюттун дал үстүнөн тарткан.

Кечээ түнү дүйнө эли 2020-жылды — Чычкан жылын тосту. Кыргызстанда ал "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап жатып билдирди.