Келе жаткан жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат

Мындай чечимди өкмөт былтыркы жылдын соңунда кабыл алган. Буга Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 7инчи жана 8-ноябрга, тагыраагы, бейшемби жана жума күндөргө туура келиши себеп болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Келе жаткан жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн 2018-жылдын аягында кабыл алган токтомунда жазылган.

Күн сууктап, кар жаайт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Документке ылайык, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү 7инчи жана 8-ноябрга, тагыраагы, бейшемби жана жума күндөргө туура келет. Андан кийин ишемби жана жекшемби болуп кетет. Майрам 2017-жылы президенттин Жарлыгы менен кабыл алынган.

Ошентип ноябрдын башында төрт күн катары менен эс алуу болот.

Мындан тышкары, эмдиги жылы майрамдын арты менен кайсы күндөрү эс алууга болору белгилүү болгон.