Ботаникалык бакты калыбына келтирүүгө шаардыктар 50 миң сом чогултушту

Бирок бул каражат дагы деле жетишсиз экени айтылууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ботаникалык бактын ирригациялык системасын калыбына келтирүү үчүн кайдыгер карабаган калаа тургундары 47 миң 763 сом чогултуп беришти. Бул тууралуу Дмитрий Ветошкин Facebook баракчасына жарыялады.

Аталган бактын администрациясы бул көйгөйдү өз алдынча чечүүгө аракет кылган. Иш-чарага экологдор да кошулган. Соцтармактан каражат чогултулуп жатканы тууралуу маалымат тараган.

"Бүгүнкү күндө 47 миң 763 сом чогулду. Бул керектүү акчанын ондон бир бөлүгү. Азырынча аны пайдалана элекпиз. Эсепте турат", — деп жазган Ветошкин.

Анын айтымында, ушу тапта Ботаникалык бактын жетекчилиги менен акча биринчи кезекте жумшалчу артыкчылыктуу багыттар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.