Казакстанда КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, Кыргызстандын эки жараны каза болду

Кыргызстандын дагы үч жаранынын абалы оор. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, эки киши каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Караколдогу жол кырсыкта бир аял каза таап, небереси жабыркады. Сүрөт
Ага ылайык, жол кырсыгы "Оазиз" комплексинин алдында болгон. Кырсык болгон жерде төрт киши каза болуп, бирөө ооруканадан үзүлгөн.

Каза болгондордун экөө Кыргызстандын жараны, дагы үчөөнүн абалы оор экени маалыматта айтылат.

Кызыл-Ордо облустук полициясынын маалыматы боюнча, КамАЗ Түркестанга кетип бараткан. Toyota үлгүсүндөгү автоунаада Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

"Бүгүнкү күнү КамАЗдын айдоочусуна кылмыш иши козголду. Алдын ала маалымат боюнча ал жол эрежесин бузган. Башкача айтканда, жеңил унаага жол бошоткон эмес. Эгер анын күнөөсү далилденсе беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал", — деп Кызыл-Ордо облустук полициясынын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Амиржан Утегенов түшүндүрмө берген.

Кырсык болгон жерде үч тез жардам унаасы келген.