30-декабрда таңга жуук автоинспекторлор Тоголок Молдо көчөсүнөн Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунааны токтоткондо ага баш ийбей өтүп кеткен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын артынан кууп жетишкен.
Окуя таңкы саат 4:30дар чамасында болгон.
Машинанын айдоочусунун жанында күбөлүгү жана автоунанын катталганы тууралуу документ болгон эмес. Милиционерлерге баш ийбегендер Улуттук статистика комитетинин күбөлүгүн көрсөтүшкөн, бирок анын жарамдуу мөөнөтү 2017-жылы эле бүтүп калганын көрүүгө болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин ишенимдүү булагынын маалымдашынча, милиция кызматкерлерине атырылган жаран Биринчи май РИИБине алынып келип, КР Административдик кодексинин 364-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча протокол түзүлгөн. Ал эми айдоочу РИИБге жеткирилип, наркологиялык экспертизанын жыйынтыгында мас экени аныкталган. Учурда анын аты-жөнү такталууда.