Радио

Чокморова: 2021-жылы СПИДдин энеден балага жугушун жокко чыгарабыз

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова коркунучтуу илдетти жуктуруп алган адамды дарылоонун жаңы ыкмалары кирип жаткандыгын маалымдады.
Sputnik
Чокморова: 2021-жылы СПИДдин энеден балага жугушун жокко чыгарабыз

Мамлекет СПИДге каршы күрөшүү үчүн жылына кеминде 20 миллион сом бөлүп турат. Ал каражатка дартка каршы күрөшүүдө керектүү реактивдер алынат. Бул тууралуу Үмүткан Чокморова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дартка каршы күрөшүү үчүн эл аралык уюмдар дагы көмөк көрсөтүп, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан 2030-жылга чейин СПИДди жок кылуу боюнча маселе коюлган.

"Эл аралык уюмдардын жардамы менен методондук дарылоо программасын ишке ашырып келебиз. Бирок кийинки убактарда глобалдык фонд тарабынан көрсөтүлгөн жардам бир аз басаңдагандыктан мамлекет 2016-жылдан бери республикалык СПИД борборуна дартка каршы күрөшүү боюнча 20 миллион сом бөлүп турат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2030-жылга чейин СПИДди жеңүү боюнча маселе койсо, БУУнун СПИД боюнча программасы 2021-жылга чейин стратегия кабыл алган. Ага ылайык, биз 2021-жылы төрөт учурунда дарттын энеден балага жугушун жокко чыгарышыбыз керек. Азыркы жогорку медициналык технология заманында жаңы дарылар, ыкмалар кирип, оору менен күрөшүү мурдагыдай өтө татаал эмес", — деди Чокморова.

Ошондой эле ал 2017-18-жылдары Кыргызстанда энеден балага ооруну жуктуруп алуу 3,6 пайызды түзгөндүгүн кошумчалады.