Египетте никаб кийүүгө тыюу салуу пландалууда

Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук жайда бетин чүмбөттөп жүргөндөргө 56 доллар айып салынат. Эгер экинчи жолу кайталанса, айып пулдун көлөмү эки эсе өсөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Египет парламентинин депутаты Хеда Агами коомдук жайларда никаб (чүмбөт тор) кийип жүрүүгө тыюу салуу керектигин сунуштады. Ал тийиштүү мыйзам долбоорун депутаттардын кароосуна сунуштаганын Egypt Independent басылмасы жазды.

Тажикстанда окуучуларга хиджап кийип, сакал коюуга тыюу салынды
Мыйзам долбооруна ылайык, коомдук жайда бетин чүмбөттөп жүргөндөргө 56 доллар айып салынат. Эгер экинчи жолу кайталанса, айып пулдун көлөмү эки эсе өсөт.

Агаминин ырасташынча, никабды кийип жүрүү коопсуздукка коркунуч жаратат. Анын демилгесин аялдардын иши боюнча Улуттук кеңештин мүчөсү Нашва аль-Хуфи да колдоп, мындай кийимди көбүнчө теракт жасаган кылмышкерлер кие турганын айтууда. Ал ошондой эле никаб эч кандай динге тиешеси жок экенин, ал эми аны кийүүгө тыюу салуу аялдардын эркиндигин бузбай турганын белгиледи.