Нурмагомедов Дана Уайттын унаасын талкалайм деп "коркутту"

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун Лас-Вегаста өткөн турниринде Макгрегорду муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун президенти Дана Уайттын унаасын талкалайм деп "коркутту". Спортчу бул тууралуу Instagram баракчасына жазган.

"Дана Уайт, мага чемпиондук курумду берип жакшы кылдың, антпесе унааңды талкалап салмакмын, автоңду кайда токтоторуңду билем", — деп Нурмагомедов сүрөтүнүн алдына тамаша иретинде жазган.

Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун Лас-Вегаста өткөн турниринде Макгрегорго муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жеткен.