Жеңиш аянтында калың элдин арасынан 10 жаштагы кыз жоголуп кетти. Сүрөт

Жеткинчек акыркы 30 мүнөттөн бери изделип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик Согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгы белгиленип жаткан учурда Малика Арипжанова аттуу кыз жоголуп кеткенин диктор микрофон аркылуу жар салды.

Жеткинчек акыркы 30 мүнөттөн бери изделип жатат. Анын ата-энеси Sputnik Кыргызстан агенттигине сүрөтүн берди.