"Армия-2021": 97 өлкө жана Россиянын 7 млрд. долларлык келишимдери

© Sputnik / Константин Морозов / Медиабанкка өтүүГенеральная репетиция динамического показа военной техники на полигоне "Алабино"
Генеральная репетиция динамического показа военной техники на полигоне Алабино - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.08.2021
Жазылуу
"Армия-2021" эл аралык аскердик-техникалык форуму Россиянын жана анын стратегиялык союздаштарынын коргоо өнөр жай багытындагы жогорку технологиялык эбегейсиз ийгилиги болмокчу.

Көргөзмө дүйнө жүзүндөгү адистердин зор кызыгуусун жаратууда, ага 97 өлкөдөн делегация катышып, алардын акыркы үлгүдөгү куралдар менен камсыз болушу ажеп эмес. 7 млрд. доллардын тегерегиндеги суммага 45 россиялык келишим даярдалып калды. Москванын четиндеги "Патриот" көргөзмө борборунда, "Кубинка" аэродромунда, "Алабино" полигонунда 22-августта "Армия-2021" VII эл аралык аскер-техникалык форуму ачылат. Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун ушул аскердик иш-чараны утурлай жазган макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Адистердин ишинин "жабык" күндөрү – 22-25-август аралыгы. Бардык каалоочулар үчүн 26-28-августта стенд, аянт жана полигондорду эркин кыдыруу каралган. Аскердик мекемелердин жетекчилери 97 чет элдик делегациянын 34үн жетектейт. Былтыр "Армия – 2020" форумуна 92 чет мамлекеттен, анын ичинде жогорку деңгээлдеги 18 расмий аскердик делегация катышкан.

Украина армиясынын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Украиналык армия – 2021: куралданышы жана даярдыгы
Аскердик жана кош багыттагы өз өндүрүмдөрүн 13 өлкөдөн 1500 чакты ишкана көрсөтмөкчү. Жалпы 20 миңден ашуун үлгү коюлат. "Армия – 2021" форматындагы иш-чара Россиянын 14 регионундагы жана Абхазия, Армения, Түштүк Осетиядагы россиялык аскер базаларындагы 26 аянтчада өтөт. Буга заманбап аскердик жана атайын техниканын 300дөн ашуун бирдиги, 20 кеме, 70тин тегерегиндеги учак, тик учак тартылат. Форумдун негизги темасы – аскердик авиация, Аскер-деңиз флоту (жасалма интеллект), аскердик медицина, аскердик курулуш.

Кургактагы, суудагы жана авиациялык полигондордогу жалпы демонстрациялык программа форумдун катышуучуларына өз буюмдарынын жарыяланган мүнөздөмөлөрүн иш жүзүндө тастыктоого, аскердик техникага кызыккандардын көңүлү толуп, ал эми потенциалдуу курал буюртмачылар бул тармактагы саамалыктарды татыктуу баалоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Форум жогорку илимий-техникалык жетишкендиктерди – интеллектуалдык курал жана аскердик техниканын заманбап жана келечектүү үлгүлөрүн коомчулукка тааныштырууга уникалдуу аянтча болуп саналат. Аскер-техникалык кызматташтык жаатындагы эл аралык интеграциянын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жаратат.

ЖККУ өлкөлөрү

Россиянын стратегиялык союздаштары – Беларусь жана Казакстан "Армия – 2021" форумунда адаттагыдай активдүү, Подмосковьеде аскердик жана кош багыттагы өндүрүштөрүнүн жогорку технологиялык үлгүлөрү менен ондогон стенддерди уюштурууда.

Беларусь Республикасынын коргоо-өнөр жай комплексинин күчү төмөнкүлөрдү элдин назарына коёт:

  • Абадан коргонуу тутуму жана Стратегиялык багыттагы ракеталык күчтөрдүн мобилдик комплекстери үчүн платформалары менен дүйнө жүзүнө белгилүү Минск дөңгөлөктүү транспорттук машиналар (тягач) заводу;
  • Радиорелейдик станциялар, байланыштын мобилдик түйүндөрү, автоматташтырылган командалык пункттар, антитеррордук атайын каражаттарды өндүрүүчү "Агат – электр-механикалык заводу";
  • ЖК-панелдеги "талкалангыч" видеомониторлору жана тышкы чөйрөнүн катаал шарттарында пайдалануу үчүн көчмө электр-эсептегич машиналары менен "Дисплей" конструктордук бюросу;
  • Кургактагы, Аскер-аба жана абадан коргонуу күчтөрү үчүн стационардык жана автоматташтырылган кыймылдуу тескөө тутумдарынын, автоматташтырылган башкаруу системаларынын программалык жана техникалык каражаттары, согуштук аракеттерди моделдөө системалары, учкучсуз авиациялык комплекстердин кынтыксыздыгы менен "Геомаалыматтык башкаруу системалары" холдинги;
  • Аскердик байланыштын программаланган, көп багыттуу санарип каражаттарын өндүрүү жаатында АГАТ-СИСТЕМ ишканасы да олуттуу орунда;
  • Су-30, Су-27, Су-25, Су-22 учактары, МиГ-29, Ми-24, Ми-8 тик учактарын оңдоо жана заманбапташтыруу боюнча 558-авиациялык заводуна Чыгыш Европада тең келчү жок;
  • Танктарды (https://140zavod.by/) ремонттоо жана заманга бапташтырууда 140-заводдун иши керемет;
  • ATE–Engineering ишканасы зениттик ракеталык комплексти, радиолокациялык станцияларды, автоматташтырылган башкаруу тутумдарын жана радиоэлектрондук күрөш системаларынын текшерүүдөн өткөрүүчү автоматташтырылган каражаттарын өндүрүү менен таанымал.

Казакстандын коргоо-өнөр жай комплексинин мүмкүнчүлүктөрүн бул өлкөлөр ачып берет:

  • Машина куруучу ири ишканаларды бириктирип турган, кош багыттагы өндүрүмдөрдү, анын ичинде чек ара кеме жана катерлерин чыгаруучу "Казакстан инжиниринг" компаниясы;
  • Учкучсуз аппараттарды чыгаруу, Куралдуу күчтөрдүн автомобилдик жана чынжырлуу техникасын оңдоо боюнча 811-заводу;
  • Борбор Азиядагы алдыңкы авиаремонттоочу № 405 заводу;
  • Авиациялык техника жана россиялык иштелмелердин аскердик учактары жана тик учактарынын авиациялык автоматика каражаттары үчүн түйүн жана агрегаттарды өндүрүүчү "Тыныс" ишканасы;
  • Жогорку технологиялык жана радиоэлектрондук өндүрүмдүн 100дөн ашуун түрүн, анын ичинде "аскердик компьютерлер", "Стрелок" программалык-аппараттык комплекстерин, көзөмөл жана жолун башкаруу тутумдарын чыгаруучу Киров атындагы заводу;
  • эл аралык стандарттардагы ок-дары – жылына 9мм калибриндеги Luger, ушундай эле калибрдеги Makarov патрондорунан 30 миллионго чейинки көлөмдө өндүрүүчү жогорку технологиялык Steel Manufacturing ишканасы;
  • заманбап электрондук-оптикалык өндүрүмдөрдү жана байланыш каражаттарын чыгаруучу "Казакстан ASELSAN Инжиниринг" ишканасы.

Бул беларустук жана казакстандык коргоо-өнөр жай комплексинин тизмеси толук эмес, аталган союздаш республикалардан "Армия – 2021" форумуна катышуучу компаниялар алда канча көп.

Тенденциялар жана өзгөчөлүктөр

"Армия – 2021" форумунда абада, кургакта жана деңизде колдонулуучу роботтоштурулган курал комплексине басым жасалат. Бул жалпы дүйнөлүк тенденция, жакынкы келечекте адам согуштук аракеттерде алдыңкы катардан соңку катарга четтейт.

Жаңы арктикалык иштелмелердин да актуалдуулугу артып барат. Көргөзмөгө полярдык аймак үчүн адистештирилген техника экспозициясы уюштурулган: кар-сазда жүрүүчү "ТРЭКОЛ ВЕГА" (абдан төмөн басымдагы шиналуу), тундрага ылайыкталган "Тор-А" жана "Панцирь-СА" зениттик ракеталык комплекстери, карда жүрүүчү, кабинасы жылытылуучу А1 жана ТТМ 1901-40 армиялык каражаттары камтылган.

АКШ аба күчтөрүнүн аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Өзбекстан АКШ Аскер-аба күчтөрүнүн "запастык аэродромуна" айланабы?
Соңку жана келечектүү курал жана аскер техникаларынын үлгүлөрү жалпы аянты 320 миңден ашуун чарчы метрди түзгөн "Патриот" борборунун павильондорунда, Алабино полигонунда жана Кубинка аэродромуна коюлган. Форумдун аянтчаларында алгач ирет "Армата" платформасындагы үч машина – Т-14 танкы, Т-15 пехоталык аскердик машинасы жана Т-16 зооттолгон ремонттук-эвакуациялык машинасы (Кубинкадагы полигондо бул техникалардын үлгүлөрү кызуу сыналууда) бул багытка кызыккандарды канааттандырбай койбойт.

Зооттолгон техника адистерин, билермандарын "Бахча-У" модулундагы ок атууну тескөөчү санарип системалуу жана жабык жерден душмандын зооттолгон буталарын жок кылуу үчүн "Аркан" ракеталары менен жабдылган БМД-4М десанттык аскердик машинасы кайдыгер калтырбайт.

Эки кишилик экипажы жана бортундагы 13 десантчы менен тапталбаган жолдорду да тоготпогон зооттолгон "Ракушка" көп буталуу десанттык транспортёру да бүйүр кызытат.

Подмосковьедеги бул иш-чарада дүйнөдөгү эң мыкты аскердик, көп буталуу жана аскер-транспорттук тик учактардын – Ми-35М жана Ми-35П "Феникс", сокку уруучу Ми-28НЭнин экспорттук версиясын, оор Ми-26Т2 (бул машина аскердик бөлүктөрдүн мобилдүүлүгүн кыйла жогорулатат) үлгүлөрүн көрүүгө болот.

Адистер аскер техникаларын карап, иштетип көрүп, сатып да ала алышат. 18-августта РФ коргоо министри Сергей Шойгу форумда 500 млрд. рублге 45 мамлекеттик келишим түзүү ниетин билдирген.

Кеп мында россиялык аскер күчтөрүнө робот-техникалык "Уран-14" комплекстери, аралыктан мина коюу тутумдары, артиллериялык жана оор огнемёттук системалар, Кургактагы күчтөр үчүн атайын техника жана Т-90М танктарын алуу туурасында.

Булардан тышкары, чалгындоочу кемелер жана минадан тазалоочу түзүлүштөрдү куруу, авиатехника менен жабдуу жана заманбапташтыруу, таамай атчу куралдарды сатып алууга келишимдер түзүлмөкчү.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0