Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кубатова: быйыл курорттук санаторийлерге жолдомону 93 млн. сомго алабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаСотрудник минтруда и соцразвития КР Кульира Кубатова
Сотрудник минтруда и соцразвития КР Кульира Кубатова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курорттук санаторийлерге жолдомо алуу боюнча электрондук кезек түзүлө турганын айтты.
Кубатова: быйыл курорттук санаторийлерге жолдомону 93 млн. сомго алабыз

Электрондук кезекке туруу ачык-айкындыкка жана паракорчулукка каршы иш жүргүзүүгө жол ачат. Бул тууралуу Кульира Кубатова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, санаторийлерге жолдомолор беш жылда бир берилет.

"Учурда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курорттук санаторийлерге жолдомо алууга электрондук кезек түзүп жатабыз. I топтогу майыптар курортторго жолдомону бекер алат. II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар анын жарым акчасын чыгарат. Ал эми III топтогуларга өкмөт 30 пайызын төлөп берет. Жолдомо алуу үчүн жаран өзү кайрылышы керек. Буга талап кылынган документтердин санын азайтып жатабыз. Бизде корпоративдик маалымат системасы бар. Ага мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катталат. Мисалы, медициналык-социалдык экспертизадан талап кылынган маалым катты ошол жактан алабыз. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендер жарыялап, ошонун негизинде кайсы санаторий жеңишке ээ болсо, адамдар ошол жакка жөнөтүлөт. Алсак, Оштогу Мамакеев атындагы санаторий, "Көгүлтүр Ысык-Көл", "Кыргызское взморье", Чүй аймагындагы курорттук борборлорго жиберебиз. Бул эс алуучу жайлардын шарты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ыңгайлуу болсун деген талаптарыбыз бар", — деди Кубатова.

Ал Кыргызстанда 187 миң ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар экенин, алардын 118 миңи социалдык фонд аркылуу пенсия аларын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0