https://sputnik.kg/20260723/1102558232.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде... 23.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-23T08:59+0600
2026-07-23T08:59+0600
2026-07-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/07/17/1102558066_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_dbf28fd6c90810bdd7faf0204e552c8b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде "Түндүк" ААК менен биргеликте Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчиликтеринин катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтер учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен тааныштырып, билим берүү тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу багытында пикир алышышты. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер санарип платформаларга туташып, аларды активдүү пайдаланып жатышат. Алардын катарына "Э-Күндөлүк", "Мугалим" автоматташтырылган маалымат тутуму жана башка санариптик тиркемелер кирет. Мындай өзгөрүүлөр окуу процессин жеңилдетүүгө, билим берүү тутумунун ачыктыгын камсыздоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген иш-чараларды ыкчам ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлуп, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.
Баткен облусунда 2026-жылы Өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланып жаткан 10 долбоордун аткарылышы жеринде көзөмөлдөндү. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, долбоорлор социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгы алдында өткөн отурумдун жүрүшүндө долбоорлорду ишке ашырууда үнөмдөлгөн каражаттарды, курулуш жана жабдуу иштерин толук бүтүрүүгө багыттоо маселеси каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Андан соң комиссия фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлордон жеринде кабар алды. Алгач Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына фонддун эсебинен сатып алынган атайын техникалар жана жабдуулар көрсөтүлдү.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иранды сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. "Маселе азыр алар сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатканында. Эгер алар чындап эле диалогго даяр болсо, анда биз дагы даярбыз", — деген ал. Мамлекеттик катчынын айтымында, эгер мындай абал улана берсе, Вашингтон АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул айыптоолорго жооп берип, дүйнө Батыштын түшүнүгүндөгү "сүйлөшүүлөр" кандай болорун буга чейин эле түшүнгөнүн белгиледи. Дипломаттын айтымында, келишимдер согушка даярданууну жашыруу үчүн колдонулуп келет.
Кыргызстандын билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде "Түндүк" ААК менен биргеликте Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчиликтеринин катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтер учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен тааныштырып, билим берүү тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу багытында пикир алышышты. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер санарип платформаларга туташып, аларды активдүү пайдаланып жатышат. Алардын катарына "Э-Күндөлүк", "Мугалим" автоматташтырылган маалымат тутуму жана башка санариптик тиркемелер кирет. Мындай өзгөрүүлөр окуу процессин жеңилдетүүгө, билим берүү тутумунун ачыктыгын камсыздоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген иш-чараларды ыкчам ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлуп, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.Баткен облусунда 2026-жылы Өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланып жаткан 10 долбоордун аткарылышы жеринде көзөмөлдөндү. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, долбоорлор социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаевдин төрагалыгы алдында өткөн отурумдун жүрүшүндө долбоорлорду ишке ашырууда үнөмдөлгөн каражаттарды, курулуш жана жабдуу иштерин толук бүтүрүүгө багыттоо маселеси каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Андан соң комиссия фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлордон жеринде кабар алды. Алгач Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына фонддун эсебинен сатып алынган атайын техникалар жана жабдуулар көрсөтүлдү.АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иранды сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. "Маселе азыр алар сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатканында. Эгер алар чындап эле диалогго даяр болсо, анда биз дагы даярбыз", — деген ал. Мамлекеттик катчынын айтымында, эгер мындай абал улана берсе, Вашингтон АКШнын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова бул айыптоолорго жооп берип, дүйнө Батыштын түшүнүгүндөгү "сүйлөшүүлөр" кандай болорун буга чейин эле түшүнгөнүн белгиледи. Дипломаттын айтымында, келишимдер согушка даярданууну жашыруу үчүн колдонулуп келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/17/1102558066_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4f791534a456562ec8209bf87d113995.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио