Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаров: Миграция кызматынын статусун жогорулатуу керек

© Sputnik / Эркин Садыков"Змандаш" ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров
Змандаш ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Змандаш" ассоциациясынын төрагасы Абдирасул Айдаров эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүүдө диаспоралардын эмгеги чоң экендигин белгиледи.
Айдаров: Миграция кызматынын статусун жогорулатуу керек

Мамлекеттик миграциялык кызматтын статусун жогорулатуу керек. Бул тууралуу Абдирасул Айдаров Sputnik Кыргызстан радиосунунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Россиянын айрым шаарларында миграциялык кызматтардын филиалдары ачылса, ал жактагы мекендештер үчүн ыңгайлуу болмок.

"Россияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын келип чыккан көйгөйлөрүн чечүүдө жалгыз элчиликтин чамасы жетпейт. Анткени анда иштеген кызматкерлер чектелүү, ал эми мигранттардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Андыктан, Мамлекеттик миграциялык кызматынын бөлүмдөрү Россияда ачылып, статусу жогоруласа жакшы болмок. Учурда Акыйкатчы институту айрым диаспора жетекчилерине, өкүлдөрүнө күбөлүк тапшырды. Алар мындан ары омбудсмен институтунун штаттан сырткаркы кызматкери катары укуктук маселелерде колунан келген көмөгүн көрсөтө алышат. Эгер Миграция кызматынын филиалдары пайда болсо мындай иштердин бардыгы мыйзам чегинде тиешелүү адистер тарабынан аткарылмак", — деди Айдаров.

Ал учурда мигранттарга диаспоралар, коомдук уюмдар сезилерлик жардам берип келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0