Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомушев: мектеп формасы боюнча эки тараптан тең аша чабуулар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев светтик өлкө динсиз мамлекет дегенди түшүндүрбөйт деген пикирин айтты.
Токтомушев: мектеп формасы боюнча эки тараптан тең аша чабуулар бар

Жоолук салынып келген окуучуну урушпай же тескерисинче салынбагандарды туура эмес деп талкуулабай, бул маселени тил табышып чечүү керек. Мындай пикирин Максат ажы Токтомушев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомчулук мектеп окуучуларынын кийимин талкуулабай, алардын ден соолугуна, адебине, билимине көңүл буруусу зарыл.

"Ислам динибизде балакат деген түшүнүк бар. Бул 9 жашка жетпейт, 10-11 жаш болуп калышы мүмкүн. Кыскасы ошондон кийин шариат буюрат. Ошону биз да мажбурлабай ыктыярдуу коюп койсок. Мисалы жолук салынбагандарды "сен салынгын" деп таңуулабасак. Салынгандарды "чечкин" деп аларды жаман көрбөсө. Тескерисинче күчтү анын адептүүлүгүнө, билимине, ден соолугуна берсек. Светтик мамлекет деген динсиз дегенди түшүндүрбөйт да", — деди Токтомушев.

Ал ошондой эле кара кийингендерди ашкере сындоо да туура эместигин, ал биздин калпак сыяктуу эле бирөөлөрдүн улуттук кийими экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0