Бабанов: провокацияга алдырбагыла
Президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов провокацияга алдырбоо керек экендигин маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал өзүнүн тарапташтарын ушактарга ишенбөөгө чакырды.
"Менин бийликти басып алуу ниетим болгон эмес, болбойт дагы. Жеңишке мыйзамдуу негизде жетүүнү көздөйм. Келечекте жеңишке жетээриме ишенем. Ар кандай провокацияларга, ушактарга ишенбегиле", — деди Бабанов.
Ал ошондой эле өзүнүн тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча шайлоочулардын 54,75 пайыз добушуна ээ болгон Сооронбай Жээнбеков алдыда келе жатат. Ал эми Өмүрбек Бабанов 33,8 пайыз добуш алып, экинчи сапка чыкты.