Жумага карата аба ырайы

© Фото / Pixabay/ malubengЖалбырак. Архив
Жалбырак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумага караган түнү Жалал-Абад облусунун айрым тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жума күнү, 2-октябрда, күндүз өлкөнүн аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болору айтылды.

Бул күнү Бишкекте күн ачык болот, ал эми Ошто бир аз жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +17...+19 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0