Кечке чейин жетишип калыңыз! Салык кызматы эскертти

Жазылуу
Салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелет.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бүгүн, 4-сентябрь унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү экендигин салык кызматы эскертти.

"4-сентябрда унаа, турак-жай жана батир, жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Ушуга байланыштуу, салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөөгө жетишпей калган жарандарды бүгүн кечкиге чейин салыктардын эсептелген суммасын төлөөгө чакырат", — деп айтылат Салык кызматы тараткан маалыматта.

Село Кара-Булак Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Салык кодексиндеги өзгөрүүлөрдөн кыргызстандыктар эмнени күтсө болот
Салыктарды айрым банк мекемелеринин кассаларынан, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Эгерде жарандар бүгүнтөн кечиктирилсе, 2 миң сом айып пул салынып, туум чыгары айтылды.

Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум эсептелмекчи.

Кеңири маалыматты 194 телефон номуру же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0