Суктанбай коё албайсың! Асмандан түшкөндөй өзгөчө 11 кыздын сүрөтү

© REUTERS / Lucas Jackson Неделя моды в Нью-Йорке
Неделя моды в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар башкалардын көңүлүн адамдагы жалпы эмес, конкреттүү бир өзгөчөлүк бурарын айтып келишет

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Adme редакциясы көз талдырган эмес сулуулугу, таңдандырган өзгөчөлүгү бар 11 кыздын сүрөтүн чогулткан.

Австралиялык Кайлани Крейн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада оюндарындагы эң сулуу жана ажарлуу делген спортчу кыздар
Адамдын сырткы сулуулугун ар ким ар башка кабыл алат. Кээ бирөөлөрдү капкара бакырайган көздөр суктандырса, экинчилери аны сулуулуктун эталону деп эсептебейт. Бирөөлөр оозу оймоктой чүрөк дешсе, бир даары муну кемчилик катары карайт. Ал эми окумуштуулар төгөрөгү төп келишкен адам эмес, кандайдыр конкреттүү бир өзгөчөлүк башкалардын көңүлүн бурарын айтып келишет

Анок Яй. 19 жаштагы кыздын сүрөтү кайсы бир фестивалда тартып алышкан. Көмүрдөй капкара, ынды кара. Бирок бул кызды сулуу деп айтпай кое албайсыз. Алгач, Next Models агенттигинин кызматкерлеринин көзүнө түшүптүр. Андан бери жылдызы жанып, мода дүйнөсү эле эмес, социалдык тармактын жүз миңдеген колдонуучуларынын кызыгуусун арттырды.

Публикация от ANOK (@anokyai) Дек 20, 2017 в 7:12 PST

Публикация от ANOK (@anokyai) Окт 31, 2017 в 1:50 PDT

Юния Пахомова. Өзгөчө келбеттүү россиялык модель Gucci, Alexander Wang, Balenciaga жана башка бренддердин подиумдарын багындырган. Юния "сенин келбетиң менен мода дүйнөсүн багындыруу мүмкүн эмес" дегендерге чакырык таштап, адам аракет кылса эле бардыгы колунан келерин далилдөөнү чечкен.

Публикация от Unia (@yuniya_p) Янв 16, 2018 в 1:12 PST

Публикация от Unia (@yuniya_p) Янв 5, 2017 в 3:55 PST

Ксения Реин портрет тартуу боюнча чебер. Instagram баракчасына жазылган жүз миңдеген колдонуучу Реиндин чыгармачылыгы эле эмес, анын өзгөчө стилине да күбө болуп турушат.

Кыска анимациялык видеолордун режиссеру Мария Оз Instagram аркылуу көпчүлүккө таанылган. Айрым колдонуучулар аны көздөрүн фотошоп менен жасап чоңойтуп коёт деген пикирлерин жазган. Бирок режиссер кыз келбети атасына окшош экенин айтып, бардыгы натура экенин билдирип келет.

Это видео пугает вас? It scares you?

Публикация от Maria (@dukhovnoe_litso) Фев 12, 2018 в 8:00 PST

Уиллоу Хэнд. 18 жаштагы модель жаш экенине карабай Prada, Valentino, Chanel, Dolce&Gabbana, Alexander McQueen сыяктуу бир нече ири бренддер менен иштешкенге жетишкен.

Марьян Йонкман. Голландиялык бул сулуу мода дүйнөсүндө эң көп талап кылынган кыздардын катарын толуктайт.

Меган Коллисон. Канадалык модель башкалардан өзгөчө келбети менен айырмаланат. Ал Dolce&Gabbana, Marc Jacobs, Prada, Valentino, Givenchy жана Louis Vuitton сыяктуу дүйнөлүк бренддердин подиумдарын багындырган.

Цунана. Кыргыздар балким, бул кызга Калбүбү деген ат коймок. Тибеттик модель кыз Лондондо өткөн мода жумалыгында өзгөчө келбети менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Айрым эксперттер анын жылдызы эми жанарын айтышууда.

Публикация от @tsunaina Янв 10, 2018 в 5:00 PST

Публикация от @tsunaina Июл 4, 2017 в 12:39 PDT

Елия София да өзгөчө, башка планетанын кыздарына окшоп кетет. Vogue журналы бул селкини 2018-жылдагы мода ачылыштарынын бири катары атаган.

Виртуалдык модель Шуду Грам жакындан тарта эле рекламада пайда болду. Бул дыккаттык менен жасалган 3D-моделдөөнүн жыйынтыгы. Instagram баракчасындагы бир катар сүрөттөрүн карап отуруп, бул жасалма кыз экендигине ишенбей да кетесиң.

Жаңылыктар түрмөгү
0