Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй менен Таласта түнкүсүн аба ырайы 10-15 градуска чейин муздаса, күндүз 5 градус суук болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абадда 3 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ысык-Көлдө күндүн табы 2 градуска көтөрүлсө, Нарында 5 градус суук болот.

Бишкекте 3 градус суук болушу мүмкүн. Ош шаарында болсо 2 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0