ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЖолдо бараткан жүк ташуучу унаа. Архив
Жолдо бараткан жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 2-4-декабрдагы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу бийик тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

"Бишкек — Ош автоунаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында) кар көчкү жүрүп, жолдор тайгак болот. Көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл", — деп билдиришти ӨКМден.

Министрлик адам өмүрүн алган окуяларды болтурбоо максатында жарандарга SMS билдирүү жиберип, телеканалдардан эскертүү берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0