Активисттер жол кырсыктарына бөгөт кое турган 5 талап жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековРемонт светофора на одной из улиц города Бишкека
Ремонт светофора на одной из улиц города Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жумада Бишкекте эки окуучуну унаа коюп кеткен окуя коомчулукту бир топ дүрбөттү. Жарандык активисттер бийлик өкүлдөрүнө петиция менен кайрылышты. Анда жол кырсыктарын азайтууга багытталган бир нече сунуштар камтылган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президенттин, премьер-министрдин, Жогорку сот төрайымынын, Жогорку Кеңештин спикери менен фракция лидерлеринин атына жол кырсыктарын алдын алуу боюнча петиция change.org порталында жарыяланды.

Активисттер өткөн апта соңунда Бишкекте окуучулар кабылган жол кырсыгы катталганын, анда балдарды эки тарапка чачырата сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткенин айтышкан. Акыры ал кармалып, эки жыл мурун дагы адамды сүзүп, өлтүрүп алганы маалым болгон.

"Эмне себептен бул адам жазасын албай, эркиндикте жүргөн? Эмнеге биз балдарыбыз менен жакындарыбыздын коопсузудугу үчүн ар дайым коркуп жүрүшүбүз керек? Өткөн жыл ичинде эле 128 бала жол кырсыктан каза болуптур. Ошондо 10 жыл ичинде миңден ашабы?! Жол кырсыктын айынан жабыркаган балдардын саны бир жыл ичинде 10 пайызга көбөйдү! Жыл сайын 1000-1200 кыргызстандык жолдон ажал таап жатат. Элди согуштагыдай жоготуп жатабыз, бийлик эч үн катпай койду", — деп айтылат кайрылууда.

Активисттер алты айдын ичинде аткарылууга тийиш болгон төмөнкүдөй талаптарды койду:

1. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү.

Муну менен катар Бишкек менен Оштун көчөлөрүнө видеокамераларды орнотуу. Алты айдын ичиндеалар толугу менен ишке кирүүсү зарыл. Бул эреже бузгандарды айыпка жыгып, айдоочуларды мыйзамга баш ийдирүүгө шарт түзөт.

Катуу ылдамдыкта келе жаткан машина окуучуларды коюп кеткен ирмем - Sputnik Кыргызстан
Катуу ылдамдыкта келе жаткан машина окуучуларды коюп кеткен ирмем
2. Коомчулукка кызмат кылган Кайгуул милициясын ишке киргизүү

Биринчи айдын акырына чейин коомчулукка ИИМде олуттуу реформа жүргүзүлөрүн жарыялоо. Кайгуул милициясынын бардык кызматкерлерин штаттан чыгарып, сынактын негизинде жаңы Кайгуул милициясын түзүү. Алтынчы айга чейин толугу менен жаңыланган Кайгуул милициясын ишке киргизүү. Алар мыйзамды билген, машыккан адис жана сылык болуусу шарт.

3. Айдоочулук күбөлүктү татыктууларга берүү

Биринчи айдын ичинде айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө мамлекеттик жана коомдук көзөмөл жүргүзүү. Жол эрежелерин белгилүү бир өлчөмдө бузган айдоочулар экзамен тапшырып, кайрадан айдоочулук күбөлүк алуусу керек.

4. Соттордун коррупциялык чечимдерин жеке көзөмөлгө алуу

Бишкекте эл ташыган маршрутка менен Honda Stepwgn унаасы кагышкан - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте маршрутка менен автоунаа кагышып, эки адам жаракат алды
Бир айдын акырына чейин Жогорку соттун төрайымы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын өзүнүн жеке көзөмөлүнө алуусу керек. Мындан ары бардыгы ачык-айкын болушу керек, чечимдер ЖМК аркылуу жарыяланып туруусу шарт. Соттогу коррупциялык система жазасыз калып жаткан айдоочуларга бирден бир себеп. Мындай кырдаалды өзгөртүүгө Жогорку соттун жетекчисин активдүү киришүүсүн талап кылабыз.

5. Чиновниктердин жоопкерчилигин күчөтүү

Биз ички иштер министри менен күч түзүмдөр тармагын караган вице-премьердин отставкага кетүү талабын күчүндө калтырабыз.

Калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0