https://sputnik.kg/20261109/ala-archada-koz-zhumgan-balanyn-tuugandary-biylikke-kayryluuda-1104798563.html
"Атасы коштошуп алсын". Ала-Арчада көз жумган баланын туугандары бийликке кайрылууда
"Атасы коштошуп алсын". Ала-Арчада көз жумган баланын туугандары бийликке кайрылууда
Sputnik Кыргызстан
Амирдин атасы Максат Кунакуновго уулу менен коштошууга уруксат берилгенин Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T19:07+0600
2026-11-09T19:07+0600
2026-11-09T19:53+0600
кыргызстан
өспүрүм
өкм
тоо
жоголуу
өлүм
кайрылуу
абак
максат кунакунов
https://sputnik.kg/img/101682/55/1016825591_0:0:1000:563_1920x0_80_0_0_ef0af1dc3005477a9dce0dabc53f6f9b.jpg
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ала-Арчада каза болгон 15 жаштагы Амирдин жакындары маркумдун атасын абактан бошотуп, уулу менен коштошууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранууда. Бул туурасында анын тууганы Марат Кунакунов айтып берди. Амир мурдагы ЖКнын депутаты, коомдук ишмер Максат Кунакуновдун уулу болгон. Атасы учурда абакта жаткандыктан жакындары бийликке кайрылууда. Бул тууралуу бизге анын агасы айтып берди. Эске салсак, 15 жаштагы Амир 7-ноябрда Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен мелдештен четтетилген соң Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон аркылуу билдиргенден кийин аны менен байланыш үзүлүп, эки күнгө созулган издөө иштеринен соң анын сөөгү аскадан табылган. Маалымат чыккандан кийин Амирдин атасы Максат Кунакуновго уулу менен коштошууга уруксат берилгенин Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
https://sputnik.kg/20261109/ospurumdun-soogu-tabylgan-toog-video-1104796425.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101682/55/1016825591_0:0:1000:751_1920x0_80_0_0_cd8ccefc3502916918d9e3ba1bf79315.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өспүрүм, өкм, тоо, жоголуу, өлүм, кайрылуу, абак, максат кунакунов
кыргызстан, өспүрүм, өкм, тоо, жоголуу, өлүм, кайрылуу, абак, максат кунакунов
"Атасы коштошуп алсын". Ала-Арчада көз жумган баланын туугандары бийликке кайрылууда
19:07 09.11.2026 (Жаңыртылды: 19:53 09.11.2026) Амирдин атасы Максат Кунакуновго уулу менен коштошууга уруксат берилгенин Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Ала-Арчада каза болгон 15 жаштагы Амирдин жакындары маркумдун атасын абактан бошотуп, уулу менен коштошууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранууда. Бул туурасында анын тууганы Марат Кунакунов айтып берди.
Амир мурдагы ЖКнын депутаты, коомдук ишмер Максат Кунакуновдун уулу болгон. Атасы учурда абакта жаткандыктан жакындары бийликке кайрылууда. Бул тууралуу бизге анын агасы айтып берди.
"Максат эки ай мурда Бишкек ШИИББ тарабынан кармалган. Каржылык аласа-бересе боюнча айып коюлуп, учурда тергөө абагында. Амир 8 бир туугандын бешинчиси болчу. Атасына уулу менен коштошконго мүмкүнчүлүк берилишин суранып, тиешелүү тараптарга кайрылып жатабыз", — деди ал.
Эске салсак, 15 жаштагы Амир 7-ноябрда Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен мелдештен четтетилген соң Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон аркылуу билдиргенден кийин аны менен байланыш үзүлүп, эки күнгө созулган издөө иштеринен соң анын сөөгү аскадан табылган.
Маалымат чыккандан кийин Амирдин атасы Максат Кунакуновго уулу менен коштошууга уруксат берилгенин Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.