https://sputnik.kg/20261109/ospurumdun-soogu-tabylgan-toog-video-1104796425.html
Өспүрүмдүн сөөгү табылган тоо тилкесинин видеосу жарыяланды
Өспүрүмдүн сөөгү табылган тоо тилкесинин видеосу жарыяланды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп, каза тапканы аныкталган 15 жаштагы Амирдин сөөгү табылган... 09.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-09T18:00+0600
2026-11-09T18:00+0600
2026-11-09T18:04+0600
кыргызстан
"ала-арча" улуттук паркы
тоо
өспүрүм
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092231568_7:0:3447:1935_1920x0_80_0_0_6e55b6482876747ea575b867d48ec8fb.jpg
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп, каза тапканы аныкталган 15 жаштагы Амирдин сөөгү табылган жердин видеосун жарыялады.Министрликтен билдиришкендей, аймакта аба ырайы кескин начарлап, тоо боору тик жана жалама аска болгондуктан, тик учак ал жерге коно алган эмес. Мындан улам өспүрүмдүн сөөгүн тоодон түшүрүү ишин ӨКМдин куткаруучулары жөө жүрүп ишке ашырмай болушту.Эске салсак, 15 жаштагы Амир 7-ноябрда Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен мелдештен четтетилген соң Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон аркылуу билдиргенден кийин аны менен байланыш үзүлүп, эки күнгө созулган издөө иштеринен соң анын сөөгү аскадан табылган.
https://sputnik.kg/20261109/ala-archa-amir-soogu-tabyldy-1104793849.html
"ала-арча" улуттук паркы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/02/16/1092231568_437:0:3017:1935_1920x0_80_0_0_4c52dce6f52dafdd46129dcaf0fe33a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, тоо, өспүрүм
кыргызстан, "ала-арча" улуттук паркы, тоо, өспүрүм
Өспүрүмдүн сөөгү табылган тоо тилкесинин видеосу жарыяланды
18:00 09.11.2026 (Жаңыртылды: 18:04 09.11.2026) БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп, каза тапканы аныкталган 15 жаштагы Амирдин сөөгү табылган жердин видеосун жарыялады.
Министрликтен билдиришкендей, аймакта аба ырайы кескин начарлап, тоо боору тик жана жалама аска болгондуктан, тик учак ал жерге коно алган эмес. Мындан улам өспүрүмдүн сөөгүн тоодон түшүрүү ишин ӨКМдин куткаруучулары жөө жүрүп ишке ашырмай болушту.
Эске салсак, 15 жаштагы Амир 7-ноябрда Ала-Арчадагы чуркоо мелдешине катышуу үчүн барып, жаш курагы жетпегендиктен мелдештен четтетилген соң Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз жөнөп кеткен. Кечинде ӨКМге адашып калганын телефон аркылуу билдиргенден кийин аны менен байланыш үзүлүп, эки күнгө созулган издөө иштеринен соң анын сөөгү аскадан табылган.