00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
"ОГО!" Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
51 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Памир, Мургабда кыргыздар жашаарын көпчүлүк билчү эмес. Чалгынчы Досалиевдин маеги

© Фото / Архив НТРКАтайын кызматтын ардагери, запастагы полковник Нурлан Досалиев
Атайын кызматтын ардагери, запастагы полковник Нурлан Досалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2026
Жазылуу
Кыргызстан, Армения, Беларусь жана Россиянын аскердик чалгынчылары 5-ноябрды кесиптик майрамы катары белгилеп келишет. Дата 1918-жылы Россияда аскердик чалгын кызматынын түптөлүшү менен байланыштуу.
1992-жылы 29-майда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү негизделип, үч айдан кийин иштей баштаган аскердик чалгын кызматын полковник Жумалы Кубатов жетектейт. Алгач бул түзүм маалымат-аналитикалык борбор (МАБ) деп аталып, бара-бара Башкы аскердик чалгын кызматына (БАЧК) айланат. Күч түзүмүнүн түптөлүшү тууралуу атайын кызматтын ардагери, запастагы полковник Нурлан Досалиев менен баарлаштык. 1989-жылы Москвадагы Моссовет атындагы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин курамындагы жогорку командалык чек ара училищесин аяктаган каарманыбыз аскердик жолун Тажикстандын Тоолуу Бадахшанындагы Мургаб чек ара отрядынынын чалгын кызматынан баштаган. 1992-жылы полковник Кубатов менен ата мекендик аскердик чалгын кызматын түптөөгө катышат. Анда Досалиев ага лейтенант болчу.
— Аскердик чалгын кызматын түптөөгө кандайча тартылып калдыңыз эле?
— СССР урагандан кийин эгемен Кыргызстан Коргоо боюнча мамлекеттик комитетин (КМК) түптөп, анын жетекчилигине ыраматылык генерал-майор Жаныбек Үмөталиев дайындалган. Мен 1992-жылы Мургаб чек ара отрядынынан маалымат-аналитикалык борборуна (МАБ) которулуп, жетекчиси полковник Жумалы Кубатов менен иштеше баштадым. Ошол учурда ал подполковник болчу. Экөөбүз СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинде кызмат кылгандыктан тез эле тил табышып кеттик. Жумалы Осмоновичтин 1979-1981-жылдары Түндүк Афганстандын Бадахшанында согушканы, Улуу жана Кичи Памирдин шартын билгенибиз да бизди жакындатты. Адегенде экөөбүз түнкү саат 12ге чейин иштеп жүрдүк, эч кандай техникабыз деле жок болчу. Аскердик чалгын кызматынын күжүрмөн милдети, максаты, жол-жоболорун иштеп чыктык. Мурдагы союздук республикалардан которулуп келген кыргызстандык офицерлердин арасында бирөө да аскердик чалгын кызматында кызмат өтөгөн эмес экен. Жумалы Осмонович экөөбүздүн жумушубуздун чоо-жайын көптөр түшүнчү эмес. Бир аз убакыттан кийин капитан наамын алдым. 1993-жылы МАБдын базасында Башкы аскердик чалгын кызматы (БАЧК) түптөлдү. Аны даңазалуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов жетектеп, бир топ чекистти тартты.
© Фото / из личного архива Ой-Талбека ОсмоноваПолковник Жумалы Кубатов (солдо). Архив
Полковник в отставке Жумалы Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2026
Полковник Жумалы Кубатов (солдо). Архив
Жумалы Кубатов абдан тажрыйбалуу аскердик контрчалгынчы эле. СССРдин контрчалгын системасында Жумалы Осмонович сыяктуу даражага жеткен теги кыргыз офицер болгон жок. 1992-жылы 27-майда КМКнын төрагасы, генерал-майор Үмөталиев ага подполковник наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон. Ошентип Кубатов КР армиясынын алгачкы подполковниги болду. Мыкты аналитик, такшалган офицер эле. Мындай сапаттарды айкалыштырган адис чалгын кызматында сейрек болот. Улуттук армиянын көк жалы эле.
— Аскердик чалгын кызматынын негизги максаты — аскерий-саясий абал тууралуу кабардар кылып туруу. Маалыматтарды кантип таап жаттыңар?
— Афганстанда кандуу тирешүү уланып жаткан мезгил эле. Коңшу Тажикстанда 1992-жылы 5-майда жарандык согуш башталып, Фергана өрөөнүндө абал курчуп кеткен. Баткендин тургундары коңшу Ленинабаддын жашоочулары менен жер-суу талашып кетмен менен чабышып, араздашуу араң токтогон. Ош коогалаңы жаңыдан басылып жаткан маал болчу. Коңшу Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном округунда улам козголоң чыгып жаткан эле. Биз Тажикстандагы абалга абдан көңүл буруп жаттык. Анткени жарандык согуштун оту Кыргызстандын чек арасына жакындап калган. Ошол учурда Мургаб районунун калкынын 80 пайызы кыргыздар болчу, бул жакта да абал чыңалып турган. Тажикстандын Памиринде расмий Душанбеге каршы маанай күчтүү эле. Биздин ЖМКлар ал кезде аталган чөлкөмдөрдөгү абал тууралуу так маалымат бере алган эмес. Мындан улам Жумалы Осмонович экөөбүз афган-тажик чек арасындагы кырдалды изилдөөгө өттүк. СССР кулагандан кийин бул чек ара мурдагыдай көзөмөлгө алынбай калган. Кээ бир чет өлкөлүк атайын кызматтар өзүнө баш ийген согушкерлерин Афганстандан Тажикстанга киргизип, андан кийин Кыргызстан жана Казакстан аркылуу постсоветтик республикаларга чабуул жасоону максат кылган. Экөөбүз күнү-түнү коңшу өлкөлөр жөнүндө кырдаалдан кабары бар адамдарды издеп таап, маалымат топтоп жаттык.
— Эң биринчи ийгиликке кантип жетиштиңер?
— Жумалы Осмонович мени Афганстандын Кичи Памириндеги жашаган кыргыздарга атайын тапшырма менен жиберди. Алардын башчысы Абдурашид хан менен жолуктум. Афгандык кандаштар Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгонун угуп, абдан кубанышты. Дүйнөнүн чатыры деп аталган Памир тоолорунда жашаган кыргыздар ааламдагы жана кошуна мамлекеттердеги кырдал тууралуу кабардар экенин угуп таң калдым. Ошол маалда Кичи Памирде электр жарыгы, телевидение, гезит, интернет дегендер жок болчу, азыр деле абал ошондой. Жергиликтүүлөр япон транзистор радиосунан дари, урду, тажик, өзбек же кытай тилиндеги бүт жаңылыктарды угушчу. Кыргызстандык радиотолкундарды кармоого абдан аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Кандаштар пакистандык алып сатарлардан радионун бир батареясын бир койго сатып алышчу экен, ал эми радио төрт же алты батарея менен иштечү.
Афганстандагы согуштан пайдаланып, согушкерлердин түрдүү тайпалары Кичи Памирге кирип турган. Ушул себептен кандаштардын басымдуу бөлүгү курал-жарак алып жүрүүгө мажбур экенин байкадым. Биз менен жолугушууга келген Абдурашид ханды автомат көтөргөн эки уулу коштоп келген. Ал туңгуч ажо Аскар Акаевге араб арибинде жазган кайрылуусун берди. Катка Кичи Памирдеги 15 аксакал кат тааныбагандыктан кол коюунун ордуна баш бармагын сыяга малып басышкан экен.
Катты Бишкекке алып келдим. Биз Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнүн ичинен биринчи болуп тажик-афган чек арасындагы кырдал тууралуу маалымат бердик. КМКнын төрагасы, генерал Жаныбек Үмөталиев баштаган кызматкерлер биздин жасаган жумуштун натыйжасын көрүп жатышты, аскердик чалгын кызматынын маанисин акырындык менен ушул ишибиз аркылуу далилдеп бердик. Андан кийин Жаныбек Асанбекович бизди колдоп, колунан келген жардамын аяган жок. Бир жумадан кийин Жумалы Осмоновичти өлкөнүн жетекчилиги Ак үйгө чакырып, докладын укту. Андан соң күн сайын Бириккен тажик оппозициясы менен расмий Душанбенин ортосундагы кагылышуу тууралуу так маалымат берип, эки тараптын кимиси Кыргызстанга коркунуч туудурат деген маселенин тегерегинде талдоо жасап турдук.
— 1992-жылы Афганстандагы кандаштарга жардам берүү демилгеси да чалгын кызматына таандык экени айтылат.
— 1991-жылы Мургаб чек ара отрядында кызмат өтөп жүргөн учурда атактуу кинорежиссер Дооронбек Садырбаев менен таанышкам. Ошол учурда ал Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам алып барган. Бир жылдан кийин биз анын жумушун уланттык. 1990-жылдардын башында элдин басымдуу бөлүгүнүн Афганстандын Памиринде кыргыздар жашаары тууралуу кабары жок эле. Ал тургай, кошуна Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда да кыргыздар бар экенин көпчүлүк билчү эмес. Министрлик менен ведомстволордо аталган аймактарда кыргыздардын жашай турганын далилдей берип Жумалы Осмонович экөөбүздүн тилибиз тешилген. Бир министрликтин жогорку кызматтагы кызматкери бизди "Афганстанда кайсы кыргыз жашайт, калп айтпагыла" деп урушканы эсимде. Толгон-токой тоскоолдуктарга карабастан Жумалы Осмонович кандаштарга көмөк көрсөтүү керектигин далилдеп, акыры гуманитардык жардам жөнөттү.
© Фото / Из личного архива Нурлана Досалиева

Кыргыздарга чөп чабык учурунда көмөк көрсөтүүгө келген советтик чек арачылар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көлдүн жанындагы метеостанция, 1988-жыл, жай мезгили

Кыргыздарга чөп чабык учурунда көмөк көрсөтүүгө келген советтик чек арачылар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көлдүн жанындагы метеостанция, 1988-жыл, жай мезгили - Sputnik Кыргызстан
1/2

Кыргыздарга чөп чабык учурунда көмөк көрсөтүүгө келген советтик чек арачылар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көлдүн жанындагы метеостанция, 1988-жыл, жай мезгили

© Фото / Из личного архива Нурлана Досалиева

Кыргыз өспүрүм балдар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1988-жыл

Кыргыз өспүрүм балдар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/2

Кыргыз өспүрүм балдар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1988-жыл

1/2

Кыргыздарга чөп чабык учурунда көмөк көрсөтүүгө келген советтик чек арачылар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, Раң-Көлдүн жанындагы метеостанция, 1988-жыл, жай мезгили

2/2

Кыргыз өспүрүм балдар. Тажик ССРи, Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Мургаб району, 1988-жыл

— 1993-жылдын башында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун төрт аскерин тажик согушкерлери туткунга түшүргөн. Аларды бошотууга Башкы аскердик чалгын кызматынын жетекчиси, генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов подполковниктерди: Жумалы Кубатов, Адылбек Кадырбеков жана лейтенант Айбек Мамытовду жиберген экен. Туткундарды бошотууда Жумалы Осмонович башкы ролду ойноптур. Сизге өзү ушул атайын операциянын чоо-жайын айтып берди беле?
— Ооба, анча-мынчасын айтып берген. Операциянын көп жагдайы ушу кезге чейин мамлекеттик сыр. Жумалы Осмонович туткундарды бошотуу үчүн Россия, Казакстан, Афганстан жана Тажикстандагы таасирдүү адамдар байланышып, абалды талдап чыккан. Андан кийин подполковник Адылбек Кадырбеков жана лейтенант Айбек Мамытов болуп кандуу тирешүү болуп жаткан Памирге өткөн. Экөөнүн өмүрүн тобокелге салгысы келбей инструкцияны бузуп, офицерлерди Тажикстандын Бадахшанында калтырган. Өзү жалгыз тажик-афган чек арасынан өтүп, Түндүк Афганстандын Тахар чөлкөмүнө жөнөйт. Ал жерде "Талибан" кыймылынын жогорку даражадагы өкүлдөрү менен жолуккан. Андан тышкары, талаа командири Саид Наджимиддин менен сүйлөшөт. Бул корбашы тууралуу маалыматыбыз бар болчу, тарапташтары менен буга чейин кезигишкенбиз. Саид Наджимиддин Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто менен тууган экени тууралуу маалымат алганбыз. Экөө тең өздөрүн улуу кол башчы, Могол империясын түптөгөн Захиреддин Махмуд Бабурдун урпагыбыз деп эсептешчү. 1995-жылы Кыргызстанга иш сапары менен келген Бхутто атайын Бабурдун Сулайман-Тоодогу үйүнө зыярат кылган. Полковник Кубатов туткундарды бошотууда ушул фактыны колдонгон. Ал башка афган корбашылары менен сүйлөшүп, жоокерлерди эч кандай кун албастан бошотууга көндүрөт да, аскерлерди аман-эсен туткундан алып чыгат.
© Фото / Из архива Наицональной библиотеки им. А. ОмсноваСтамбулда КР президенти Аскар Акаев Афганстандын башчысы Бурханиддин Раббани менен төрт аскер жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу кыскача маалымат. “Кыргыз Туусу” гезити, 1992-жыл, 13-июль
Заметка о встрече президентов Кыргызстана и Афганистан Аскара Акаева и Бурханиддина Раббани по поводу освобождения из плена четверых кыргызстанских солдат. Газета “Кыргыз Туусу” 1992 год - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2026
Стамбулда КР президенти Аскар Акаев Афганстандын башчысы Бурханиддин Раббани менен төрт аскер жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу кыскача маалымат. “Кыргыз Туусу” гезити, 1992-жыл, 13-июль
1993-жылы эгемен Кыргызстан расмий сыйлыктардын тизмесин иштеп чыга элек болчу, ушундан улам Коргоо боюнча мамлекеттик комитет Жумалы Осмоновичти баатырлыгы үчүн сый барак менен гана сыйлаган. Туткундарды бошоткону үчүн вице-президент Феликс Куловдун буйругу менен ага мөөнөтүнөн мурда полковник наамы берилген. Өлкө жетекчилиги Жумалы Кубатовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарса чоң тарыхый окуя болот эле. Муну менен көмүскөдө калган ата мекендик аскердик чалгынчылардын да эмгеги бааланып калмак деп эсептейм.
Аскердик чалгын кызматынын офицери, ага лейтенант Айбек Мамытов (сол жактан биринчи) кесиптештери менен. Тажик-афган чек арасы. Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусу, Ишкашим району. 1995-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2025
Бөтөн согушка бел байлаган кыргызстандык жоокерлер. Аскердик кабарчы менен маек
Жаңылыктар түрмөгү
0