https://sputnik.kg/20261103/ukraina-boyuncha-suyloshuu-abu-dabide-otoru-aytyldy-1104676237.html
Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде өтөрү айтылды
Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде өтөрү айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде 10–11-ноябрда болорун билдирди. Бул туурасында... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T09:41+0600
2026-11-03T09:41+0600
2026-11-03T09:41+0600
дүйнөдө
акш
украина
россия
абу-даби
сүйлөшүү
стивен уиткофф
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/02/1098286122_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_abe1e2b3f3dd3835613dc3cb5eb21cfc.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде 10–11-ноябрда болорун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт. Өткөн жумада Ослодо Владимир Зеленский, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере жана Уиткофф жолугушкан. Эртеси ал Петербургга барып, РФ лидери Владимир Путинге украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча сунуштар камтылган документтерди тааныштырган. РФ президенти Москва Вашингтон менен Киевдин катышуусунда үч тараптуу кеңешмелерди кайра баштоого даяр экенин билдирген. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Абу-Дабиде пландалган жолугушууда тараптар Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулашарын айткан.
https://sputnik.kg/20261023/-eb-putin-dialog-besh-talapker-telegraph-1104484563.html
акш
украина
абу-даби
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/02/1098286122_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_95ef01f4e076ef89e2d1587dfb44dabc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, украина, россия, абу-даби, сүйлөшүү, стивен уиткофф
дүйнөдө, акш, украина, россия, абу-даби, сүйлөшүү, стивен уиткофф
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Украина боюнча сүйлөшүүлөр Абу-Дабиде 10–11-ноябрда болорун билдирди. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Украина менен Россиянын ортосунда жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө АКШ ортомчулук кылат", — деген ал.
Уиткоффтун айтымында, жолугушуунун алдында америкалык ортомчулар Брюсселде Франция, Германия, Британия, Европа биримдиги жана НАТО өкүлдөрү менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулайт.
Өткөн жумада Ослодо Владимир Зеленский, Финляндиянын президенти Александр Стубб, Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стере жана Уиткофф жолугушкан.
Эртеси ал Петербургга барып, РФ лидери Владимир Путинге украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча сунуштар камтылган документтерди тааныштырган. РФ президенти Москва Вашингтон менен Киевдин катышуусунда үч тараптуу кеңешмелерди кайра баштоого даяр экенин билдирген.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Абу-Дабиде пландалган жолугушууда тараптар Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулашарын айткан.