https://sputnik.kg/20261103/amangeldiev-overchuk-eaeb-onduurushtu-onukturuu-1104686753.html
Амангелдиев менен Оверчук ЕАЭБ алкагында өндүрүштү өнүктүрүүнү талкуулады
Амангелдиев менен Оверчук ЕАЭБ алкагында өндүрүштү өнүктүрүүнү талкуулады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен... 03.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-03T16:08+0600
2026-11-03T16:08+0600
2026-11-03T16:08+0600
кыргызстан
россия
еаэб
өнөр жай
долбоор
соода
кызматташуу
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1b/1064757370_0:177:2835:1772_1920x0_80_0_0_ee2fc55215e7054136a8cf97ca3a47dc.jpg
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Жолугушуу Амангелдиевдин Россияга болгон иш сапарынын алкагында өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Тараптар эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо, өнөр жай багытындагы орток долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү маселелерин карашты. Мындан тышкары, бажы кызматтарынын ишин жакшыртуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өз ара сооданы көбөйтүү тууралуу пикир алмашышты. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.
https://sputnik.kg/20261029/1104576911.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/1b/1064757370_118:0:2717:1949_1920x0_80_0_0_203edcf915474a5e8373eef892fa876f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, еаэб, өнөр жай, долбоор, соода, кызматташуу
кыргызстан, россия, еаэб, өнөр жай, долбоор, соода, кызматташуу
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Жолугушуу Амангелдиевдин Россияга болгон иш сапарынын алкагында өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Тараптар эки өлкөнүн ишканалары ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо, өнөр жай багытындагы орток долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБ алкагында биргелешкен өндүрүштү өнүктүрүү маселелерин карашты.
Мындан тышкары, бажы кызматтарынын ишин жакшыртуу, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өз ара сооданы көбөйтүү тууралуу пикир алмашышты. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.